Жүктөө сектору

Википедия дан

Жүктөө сектору (boot sector) же башка аталышында жүктөө блогу (boot block) деп, - катуу, ийилчек, нур же башка маалымат сактоо дисктеринин бетинде орун алган, компьютердин оперативдүү эсине алгач жүктөлүүчү кодду сактап турган аймакты айтышат. Жүктөө секторунун негизги максаты - эсептөөчү машинанын(компьютердин) эсине керектүү түзмөктөрдүн (програмдардын) жүктөлүшүн башкарган процесске айтылган дискте сакталган түзмөктү (көпчүлүк учурда оперативдүү системди) жүктөп алуусуна жол жобо көрсөтүп берүү. Жүктөө секторунун кайжерде жайгашары жана чоңдугу компьютердин ички түзүлүшүн аныктаган өндүрүүчүлөрдүн ар кандай чечимдерине жараша болот.