Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөр

Википедия дан

Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөр, талломдуу өсүмдүктөр (Thallophyta) – денеси жалбыракка, сабакка жана тамырга бөлүнбөгөн, түтүктүү тканы жок өсүмдүктөрдүн чоң тобу. Алардын денеси таллома деп аталып, бир же көп клеткадан турат. Колония болуп өскөндөрү да бар. Бир клеткадан турган микроскоптук түрлөрү, ошондой эле дене Узундугу 100 мден ашкандары (күрөң балырлар) да учурайт. Көпчүлүк өкүлдөрүн биосферанын бардык бөлүктөрүнөн жолуктурууга болот. Алар автотрофтор, сапрофиттер жана мителер. Буларга бактериялар, миксомицеттер, балырлар, козу карындар кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]