Заара-жыныс системасы

Википедия дан

Заара-жыныс системасы заара пайда кылуучу, заара бөлүп чыгаруучу жана жыныс органдарын бириктирет.

Заара-жыныс системасы өздөрүнүн өөрчүү жана айрым кызматтары менен окшош келет. Алсак, эркектин сырткы жыныс мүчөсү сийдик жана эркектик урук (сперма) да чыгарат. Ал эми аялдардыкы жыныс жолу заара түтүкчөсүнөн башка болуп, экөө тең кын босогосуна ачылат. Азыркы анатомияда Заара-жыныс системасы эки органдар системасына бөлүнөт: заара пайда кылуучу жана аны бөлүп чыгаруучу — заара бөлүп чыгаруу системасы жана көбөйүү кызматын аткаруучу — ички жана сырткы жыныс органдары.


  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8