Закирова Тазагүл

Википедия дан


Тазагүл Закирова-1948-жылы, 26-июнда Сузак районундагы Качкынчы айылында туулган.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1996). Кыргыз Республикасынын эл акыны (2020).

1967-жылы комсомолдун Сузак райаткомунда бөлүм башчы, райондук радиоуктуруу боюнча редактор, Оштогу №12 кесипчилик-техникалык окуу жайында, 1977–1984-жж. Ош облустук маданият башкармасынын кадрлар бөлүмүндө улук инспектор болуп иштеген.
1991-жылдан Аялдардын эл аралык маданий-өндүрүштүк «Насыят» ассоциациясын жетектейт. Тазагүл Закированын чыгармачылык жолу 1963-жылдан башталып, «Кыргызстан пионери» гезитине «Космоско учту» аттуу эң алгачкы ыры жарыяланган. Ошондон бери акындын ырлары республикалык, облустук, райондук гезиттерде жана журналдарда жарыяланып, жыйырмадан ашуун коллективдүү жыйнактарда: алтай, түркмөн, казак, өзбек, грузин, орус, түрк, англис тилдеринде жарык көргөн. Акындын көптөгөн ырлары обонго салынган.
1991-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Т.Закирова «Ырыстын тагдыры», «Анипа жана кыргыз сурмасы», «Уркуядан уланган жол», «Аялдын монологу» аттуу ж.б. даректүү видеофильмдерди тарткан.
Кыргыз окурмандары үчүн эски араб тамгасынын алиппесин түзүп басмадан чыгарган, жана «Чыгыш сыйкырлары» аттуу китепти которгон.
Ош облустук мамлекеттик администрациясы уюштурган «Тасма – 2000» конкурсуна коюлган «Уркуядан уланган жол» фильми үчүн «2000-жылдын мыкты режиссеру» деген наам алган.

Тазагүл Закировага маданият тармагында, коомдук жана чыгармачылык иштерде үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген наам (1996) ыйгарылган. Республикалык Молдо Нияз атындагы адабий сыйлыктын лауреаты. «Ош–3000» эстелик медалы жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы жана «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 52 б.

Купуя сезим: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 72 б.

Кусалык:Обондуу ырлар. – Ош: 1991. – 6 б.

Алиппе: Эски араб – кыргыз алиппесинен сабактар. – Б., 1992. – 72 б.

Боз торгойдун ыры: Ырлар. – Ош: 1993. – 116 б.

Ыйык шаарым: Ырлар. – Ош, 1999. – 120 б.

Боз торгойдун ыры: Тандалмалар. – Б.: Бийиктик, 2003.

Ала-Тоом–Мекеним: Ноталуу обондуу ырлар. – Б.: Бийиктик, 2003.

Мекенимдин эшиги: Ырлар жыйнагы. – Б.: Бийиктик, 2008.

Курманбек баяны. Ади Өмүралиевдин варианты. – Б.: Бийиктик, 2008.

Орус тилинде

Щедрая душа: Стихи. – Б.: 1990. – 120 с.

Светлый дождь. – Ф.: Кыргызстан, 1990.

Сокровенность. – Б.: Бийиктик, 2008.

"Ўзбек тилида"

"Бўз тўрғай навоси" : 2017. Жалолобод

"Тоғлар виқори" : 2019. Жалолобод

Башка элдердин тилдеринде

Ырыстын тагдыры. – Б.: Бийиктик, 2003. – кыргыз, орус, англис тилдеринде.

КОТОРМОЛОРУ

Чыгыш сыйкырлары: Проза. – Ош, 1997. – 60 б.