Зарлыкова, Керез

Википедия дан
Кыргыз акын, жазуучу жана драматург айымы Керез Зарлыкова. Бишкек шаары. 23.2.12.
Кыргыз акын, жазуучу жана драматург айымы Керез Зарлыкова. Бишкек шаары. 23.2.12.

Керез Зарлыкова – кыргыздын акын, жазуучу, драматург айымы.

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акын, жазуучу жана драматург Керез Зарлыкова Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кызыл-Суу айылында 1952-жылы 29-сентябрда туулган.

Алгач Маданият башталгыч мектебин, 1970-жылы Чуй районундагы Он бир жылга орто мектебин бүтүргөн.

1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттуу Университетинин) тарых факультетин аяктаган.

Жаш чагында Бишкек шаарында “Тоо жылдыздары” көркөм ийримине катышкан.

Студенттик доору тууралуу Керез айым 2010-жылы “Кыргыз руху” гезитиндеги маегинде мындайча эскерген:

Мени көбүнчө университеттин филология факультетин бүткөн деп айтып, жазып жүрүшөт, бирок мен тарых факультетин бүткөм. Мектептен "Он бир жылга" деп жазган ырымды кырк жылдан ашуун убакыт өтсө да мектепте гимн катары ырдап жүрүшөт. Студент кезимде "Кыздар-кыздар, кылыктуулар, наздуулар" деген ырды жазып аны Анарбек Ибраев аткарып, ал кишиге атак-даңк алып келди десем да болот. Студент кезде кара сөз жазсам да аны көп сыртка чыгарбай жаштыктын жалын деми менен көңүл эргип, сүйүүгө кабылып, айылдан келген кыздар үчүн шаардын керемет турмушу толкундантып ырларды жазып жүрдүм. Университетте тарых факультетинде "Историк" деген дубал газета чыкчу, Ишенгүл Болжурова экөөбүз бир бөлмөдө жашап калдык, бизге акын кыз келди дешип эле менин ырларымды сүрөтүм менен чыгара беришчү. Дубал гезиттин бир санына "Автобустар" деген ырым чыкканда "Автобустар жөнүндө эч ким деле ойлонбойт, ушул кичинекей акын кыз автобустар жөнүндө философиялык ой толгоо кылыптыр ээ" деп жолдошум таң калыптыр”.

Жубайлар Жаныбек жана Керез. Бишкек шаары. 23.2.2012.

Керез Зарлыкова эмгек жолун 1977-жылы журналисттик кесипте иштоо менен баштаган.

Оболу Китеп сүйуучулор коомунда редактор, андан соң Кыргыз телерадио компаниясында редактор, “Аялзат” гезитинде башкы редактордун орун басары, “Кыргызстан аялдары” журналында баш редактордун орун басары, ошондой эле Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында адабий болумдун башчысы жана театр окуу жайында окутуучу болуп иштеген.

Ал, 6-класста окуп жүргөндөн баштап алгачкы чыгармалары гезит-журналдарда жарыялана баштаган.

Алгачкы “Гүлүм - ырым” аттуу ырлар жыйнагы 1981-жылы жарык көрүп, айрым ырлары орус тилине которулган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхчысы, профессор Жаныбек Жакыпбеков. Бишкек шаары. 23.2.12.
Кыргыз тарыхчысы, профессор Жаныбек Жакыпбеков. Бишкек шаары. 23.2.12.

Жубайы – белгилүү тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун профессору Жаныбек Жакыпбеков.

Жолдошу тууралуу акын айым 2010-жылы “Кыргыз руху” гезитине мындай деген:

“- Жолдошум Жаныбек Жакыпбекович азыр университеттин тарых факультетинин кафедра башчысы, профессор. Ал тарых факультетинде Лениндин стипендия менен окуган алдыңкы студенттерден болчу. Азыр "Сен мени сүйбөй эле ырларымды сүйдүң" деп тамашалап калам. Чынында анын мени тааныганы ырларым аркылуу болгон, андан кийин көрүп, таанышып, мага жакшы китептерди алып келип берип, сын деген эмне экенин биле элегимде "Ала-Тоо" журналын алып келип берип ушул сындарды оку, ансыз өспөйсүң деп турчу. - Демек жолдошуңуз чыгармачылыгыңызды терең түшүнүп, колдоп келет тура? - Экөөбүз сүйүшө элек, үйлөнө электе студент кезден баштап эле менин чыгармачылык турмушума, өмүр жолума чоң өбөлгө болгон адам азыр деле өбөлгө болуп келет. - Сизге жасаган жылуу мамилесинен сизде да ал адамга карата жылуу сезим ойгонгондур? - Мүмкүн. Сезим кыз балага жигиттин жакшы жактарын көргөндө ойгонот эмеспи, ал адамды мен кантип жакшы көрүп калганымды өзүм билбей калдым. Ал төртүнчү курстун студенти, мен биринчи курстамын, анын үстүнө Лениндик стипендияны алган жигиттен ыйбаа кылып саламдаша да алчу эмеспис. Бирок ал мага өзүнүн камкордугу, чыгармачылыкты аздектеп сүйгөнү, кадырлаганы менен жагып алды”.

Төрт балалуу, бир нече неберелүү болушту.

Улуу баласы каза болуп калды.

Кичүү кызы Паризат – журналист жана укукчу.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1980-жылы жаш акындардын “Ала-тоо поэзиясы” фестивалынын лауреаты болгон.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” тош белгиси менен сыйланып, 2005-жылы Борбордук Азия боюнча жаны пьесалардын Бишкектеги 2-жарманкесинде “Сибирь челноктору” драмасы, 2006-жылы Ысык-Колдо откорулгон фестивалда “Суйуу арманы” драмасы диплом менен сыйланган.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

СССР Жазуучулар союзунун жана 1991-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мучосу.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Гүлүм-ырым: Ырлар. - Фрунзе: Мектеп, 1981 ж. – 30 б.
  • Нур тогулгон талаа: Ырлар – Ф: Мектеп, 1985 ж – 51 б.
  • Илберинки бала: Кенже балдар учун ангемелер – Ф: Адабият, 1990 ж - 46 б.
  • Ксения: Повесть жана ангемелер. - Бийиктик, 2007. – 215 б.

Драмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Балыкооз: Тарыхый драма. Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган, 2000 ж.
  • Сибирь челноктору: Трагикомедия-Кочкор элдик театры, 2001 ж; Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театры, 2003 ж; М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театры. 2004 ж; дагы 2010-жылы.
  • Сүйүү арманы: Лирикалык драма - Т. Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры, 2005 ж.
  • Кон, кон көпөлөк: драма - Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры, 2009 ж.
  • Сүйүү арманы - М. Рыскулов атындагы Нарын академиялык драма театры. 2010 ж.

Айрым макалалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]