Зарна

Википедия дан

Зарнакызыл өңгөчтө, айрыкча анын төмөнкү бөлүгүндө ачышуу сезими.

Карындан кычкыл суюктук кызыл өңгөчкө өтүп кеткенде болот; ошондой эле кызыл өңгөчтүн өтө сезгичтиги, карындын бузулушу жана башка түрткү берет. Зарна көбүнчө карын маңызынын кычкылы көбөйүп кеткенде, кээде төмөндөп же анда туз кислотасы такыр жок учурда да байкалат.Зарна карындын ар кандай ооруларында (жара оорусу, гастрит), холецистит, боор эт чуркусунда, кош бойлуулукта, кээ бир тамак жакпаганда болот. Дарылоо негизги ооруга жараша жүргүзүлөт. Зарна ны басаңдатуу максатында ар кандай каражаттарды баш аламан колдонуу зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан аларды дарыгердин сунушу менен гана кабыл алып, өткүр, куурулган тамакты ичпөө керек.


  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8