Зат

Википедия дан

Зат же нең – материянын физикалык талаадан (поле) айырмаланып, тынч абалдагы, массага ээ болгон түрү. Заттын тынч абалдагы массасы нөлгө барабар болгон элементардык бөлүкчөлөрдөн (негизинен электрон, протон, нейтрон) турат. «Материя» – философиялык, ал эми Зат физика жана химиялык мааниде колдонулат. Жөнөкөй зат бир эле химиялык элементтин атомдорунан, татаал заттар эки же андан көп элементтин атомдорунан түзүлөт. 17–18-кылымдарда илимде атомдук багыт пайда болгондо зат дегенди материя менен бирдей касиетке ээ болгон «материал» жана андан жаратылыштагы бардык нерселер келип чыккан деп түшүнүшкөн. Заттын 4 түрдүү абалы белгилүү: газ, суюктук, катуу нерсе, плазма. Материяны заты менен окшоштуруп материя жоголду деген теориялардын негизи идеализмге барып такалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004