Затоичи

Википедия дан

"Затоичи " (жап., 座頭市? Zatōichi, англ. Zatōichi, орус. Затойчи) - (АКШда "Сокур кылыччы: Затоичи" деген аталышта жайылтылган)- 2003-жылы тартылган жапониялык самурай драма жана экшн тасма.Такеши Китано тасманы тартып, сценарийин жазып, биргелешип монтаждап жана өзү катышкан. Бул Китано режиссёрлук кылган он биринчи тасма. Тасмада Китано сокур кылыччынын ролун аткарат.

Бул тасма "Затоичи" сериалдарындагы жана телеберүүлөрдөгү самурай тасмаларынын кайрадан жаралуусуна себепчи болгон. Тасма алгачкы жолу 2003-жылы, 3-сентябрда "Венеция Кинофестивалында" көрсөтүлүп, "Эң мыкты режиссёр" наамында престиждүү "Күмүш Арстан" сыйлыгын жеңип алган. Андан соң өлкө ичинде жана чет өлкөдө бир нече сыйлытарга ээ болгон. Тасмада ошондой эле Таданобу Асано, Мичө Окусу, Юй Натсукава, Гуадалканал Така, Дайгоро Тачибана, Юко Дайке, Иттоку Кишибе, Сабуро Ишикура жана Акира Эмото тартылышкан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]