Земляк Якуб (Зисельман Якуб Борисович)

Википедия дан
Земляк Якуб
Туулган датасы:

11 -май 1906(1906-05-11)

Туулган жери:

Польша, Варшава

Өлгөн датасы:

26 -октябрь 1979(1979-10-26) (73 жаш)

Өлгөн жери:

Фрунзе, Кыргыз ССР, СССР

Земляк Якуб (Зисельман Якуб Борисович) (1906–1979) - акын, жазуучу.

Земляк Якуб 1906-жылы 11-майда Варшавада туулган.
1924–1927-жж. Украина Мамлекеттик кинематография институтунда,
1927–1928-жж. Харьков шаарындагы Артём атындагы эки жылдык Совпартмектепте окуган. 13 жашынан кат ташуучу, архивариус, киномеханик болуп эмгектенген.
1928–1939-жж. «Харьковский пролетарий», «Харьковский рабочий», «Социалистична харьковщина» сыяктуу шаардык жана облустук гезиттердин редакцияларында иштеген.
1939–1940-жж. Украина ССРинин хроникалык-даректүү фильмдердин Башкы башкармалыгында редактор,
1940–1941-жж. Москвадагы хроника-лык-даректүү фильмдердин Башкы башкармалыгында редактор-сценарист болуп иштеген,
1941-жылы Фрунзе шаардык кинохроникалык студияны уюштуруу үчүн Кыргызстанга келген.
1942-жылдан КирТАГда,
1944–1947-жж. Ворошилов жана Аламүдүн ГЭСтериндеги курулуштун эмгек каармандары тууралуу репортаж уюштуруп, макала, очерктерди жазган.
1948–1949-жж. СССР Адабий фондунун Кыргыз бөлүмүндө директордун орунбасары, андан кийинки жылдары Кыргыз радиоберүүсүндө штаттан тышкаркы кабарчы, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий консультант, «Чалкан» журналында адабий кызматкер болуп иштеген.

Чыгармачылык ишмердүүлүгү 30-жылдарда журналисттик иш менен башталып, фельетон, аңгеме, ырларды жазган.
1934-жылы «Советская литература» альманахында анын «Подвиг» аттуу повести жарыяланган, кийинчерээк «Дружные ребята», «Пионер», «Юный натуралист» журналдарында балдар үчүн жазылган чакан аңгемелери басылып турган. Кыска метраждуу фильмдерге сценарийлерди жазат.
1940-жылы «Пингвиндер» аттуу алгачкы жыйнагы Харьков шаарында чыккан.
1960-жылы Р.Шүкүрбековдун чыгармаларын автор менен бирге которуп «Ворона» деген ат менен китеп чыгарган.
1948-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. «Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, «Эмгек ветераны» медалдары, Кыргыз ССР ЖКнын Ардак грамоталары, ТАССтын Ардак грамотасы, СССР Мамбаскомунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лыжачылар. – Ф.:Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 15 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Парад: Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1949. – 8 с.

Басни и фельетоны. – Ф.: Киргизгосиздат, 1950. – 102 с.

Мы ребята дружные: Стихи. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1954. – 64 с.

Наш детский сад: Стихи. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1954. – 14 с.

Швабра: Басни и стихи. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1955. – 64 с.

Где зимуют раки: Стихи, фельетоны, басни. – Ф.: Киргизгосиздат, 1956. – 143 с.

Мой зверинец: Стихи. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1957. – 14 с.

Новая игра: Стихи. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1957. – 44 с.

Чолпон-Ата: Поэма. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1958. – 30 с.

Муха: Стихи. – Ф.: РДСП, 1959. – 22 с.

Праздник леса: Рассказы и пьеса. – Ф.: Киргизгосиздат, 1959. – 68 с.

Загадки: Стихи. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1960. – 11 с.

Лужицы: Стихи. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1960. – 12 с.

Мальчик и мячик: Книжка-картинка для дошкольн. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1961. – 15 с.

Наша пионерия идет: Стихи и песни. – Ф.: Киргизгосиздат, 1962. – 48 с.

Цветные карандаши: Книжка-картинка для дошкольного возраста. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1964. – 16 с.

Так играют малыши. – Ф.: Мектеп, 1965. – 14 с.

Вот какой Леша. – Ф.: Мектеп, 1967. – 17 с.

Солнечный родник: Стихи, песни, сатира, юмор. – Ф.: Мектеп, 1967. – 95 с.

Мечтой окрыленные: Об исследователях Средней Азии. Ф.: Кыргызстан, 1968. – 90 с.

Нет ли здесь таких ребят? – Ф.: Мектеп, 1968. – 12 с.

Кто больше?: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1969. – 16 с.

Детки очень хороши. – Ф.: Мектеп, 1971. – 18 с.

С Новым годом!: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1973. – 20 с.

Разговор по душам: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1975. – 32 с.

Салам тебе, Кыргызстан: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 140 с. (А. Борцов, И. Волобуева Л. Дядюченко, Я. Земляк и др.)

Послушайте, друзья: Стихи. Миниатюры. Поэмы. Басни.

Учительница Аленка. – Ф.: Мектеп, 1980. – 14 с.

Детки очень хороши: Стихотворение. – Ф.: Мектеп, 1986. – 14 с.

Нет ли здесь таких ребят?: Стихотворение. – Ф.: Мектеп, 1987. – 12 с.

Нет ли здесь таких ребят?: Стихотворение. – 2-е изд. – Ф.: Адабият, 1989. – 16 с.

КОТОРМОЛОРУ

Шукурбеков Р. Ворона. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1960. – 15 с.