Зындан

Википедия дан

Зындан (темница) – күнөөкөр, кылмышкер жана согуш туткундарын кармап туруу үчүн казылган ор (терең ор же жертөлө түрүндө болгон). Сыз жана караңгы зынданга түшкөндөрдүн эрки майышып, көзү жана жалпы саламаттыгы начарлап кетүүчү. Зындан алгачкы таптык мамилелер өрчүй баштаган доордон тартып кеңири таралган. Жазанын мындай түрү Орто Азия жана Чыгыш Түркстанда да орто кылымдарда колдонулуп келген.

Пайдаланылган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2

2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]