ИДП

Wikipedia дан

Ички Дүн Продукт - (ИДП) [gross domestic product, GDP] - Белгилүү убакыт ичинде (жыл, квартал, ай), өлкө аймагында чыгарылган товар жана тейлөөнүн жалпы наркын көрсөткөн эң негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн бири. ИДП төмөнкү ыкмалар менен эсептелиши мүмкүн: а) экономиканын бардык тармактарында кошулган нарктардын суммасы (өндүрүштүк ыкма); б) өндүрүш факторлорун колдонуудан түшкөн кирешенин суммасы (бөлүштүрүү ыкмасы); в) жыл ичинде товар жана тейлөөго кеткен чыгашанын суммасы. Улуттук эсептер системасында, ИДП негизги макроэкономикалык көрсөткүч катары пайдаланат.