Ибраимов Калык Бокоевич

Википедия дан

Калык Бокоевич Ибраимов (1952-жылы 2-августта туулган) - кыргыздын заманбап адабиятчысы, сынчы, айтматов таануучу, фллософия илимдеринин кандидаты.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калык Ибраимов Кыргызстандын Ош облусуна караштуу мурдагы Совет районундагы (азыркы Кара-Кулжа районундагы) Кара-Кулжа айылында 1952-жылы 2-августта туулган.
1969-жылы өз айылында орто мектепти,
1974-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, Кыргыз ССРинин Мамбаскомунда, «Мектеп» басмасында, КирТАГда редактор,
1979-1992-жж. Кыргыз ССРинин ИАсынын Тил жана адабият институтунун кенже илимий кызматкери,
1992-1999-жж. Кыргыз Республикасынын Президент Администрациясында референт, бөлүм башчы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы,
1999-2001-жж. Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинде кеңешчи,
2001-2003-жж. Кыргыз Республикасынын Президент Администрациясында кызматкер,
2003-2007-жж. Кыргыз–Түрк «Манас» университетинде ректордун жардамчысы, түркология бөлүмүнүн окутуучусу болуп иштеп келет. Философия илимдеринин кандидаты.

1982-жылы биринчи адабий-сын макалаларынын жыйнагы «Көркөм дөөлөттөр дүйнөсүндө» деген ат менен жарык көргөн.
1986-жылы экинчи китеби «Адабият, адам жана аалам» деген ат менен чыгып, ал 1987-жылы республиканын Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон.
1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Учурда Бишкекте жашайт.

Илимий жана адабий чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

К.Ибраимовдн чыгармачылык жолу 1970-жылдары Кыргызстандын республикалык басма сөз беттеринде жарык көргөн адабий-сын макаласынан башталган.
1982-жылы биринчи адабий-сын макалаларынын жыйнагы «Көркөм дөөлөттөр дүйнөсүндө» деген ат менен жарык көргөн.
Кыргыз тилинде жарык көргөн «Көркөм дөөлөттөр дүйнөсүндө» (1982-ж.), «Адам, адабият жана аалам» (1986-ж.), «Мифологиялык архаика жана азыркы адабияттагы адам менен табият концепциясы» (1991-ж.) китептери кезинде кыргыз адабият таануу илиминин кыйырын кыйла кеңейтип, теориялык деңгээлин нагыз философиялык бийиктиктерге жеткире көтөрүп койгон.
Ал айтматов таануучу сынчы катары кеңири маалым. К.Ибраимов «Чингиз Айтматов как мифотворец-мудрец века» (Бишкек, 2018) деген китепти жарыялады [1]. Бул эмгек 1999-жылы чыккан «Миф и миропонимание в гуманистической философии Чингиза Айтматова» аттуу илимий монографиясынын кеңейтилген, толукталган, идеялары тереңдетилген версиясы. Ага "Кириш сөз" жазган сынчы Кеңешбек Асаналиев: «К. Ибраимовдун китебин кол жазма вариантында окуганым мен үчүн жагымдуу күтүүсүздүк болду, айрыкча жетик каныктырылган мазмуну жана концепциялык оригиналдуулугу жакты», - деп жазган.
Жолдош Турдубаев: "«Кассандранын эн тамгасы» жана «Тоолор кулаганда» романдары жөнүндө окумуштуунун эсселери окурманга Айтматовдун акыркы чыгармаларын улуттук жана дүйнөлүк мифологиянын алкагында абдан терең түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бирок жазуучунун эң карама-каршылыктуу романы болгон «Кыямат» романын талдаганда, Калык Ибраимов адамзат болмушун философиялык нуктан аңдап билүү жагынан эң жогорку бийиктикке жете алган деп эсептейм". https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_kalyk_ibraimov_blog_aitmatov/28894309.html

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Адабият, адам жана аалам» деген эмгеги үчүн ал 1987-жылы Кыргызстандын Ленин комсомолу жаштар сыйлыгына татыктуу болгон.
«Манас – 1000» эстелик медалынын ээси.
Философия илимдеринин кандидаты.


Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ибраимов Калык. Көркөм дөөлөттөр дүйнөсүндө. Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 140 б.
  • Ибраимов Калык. Адабият, адам жана дүйнө: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 136
  • Ибраимов Калык. Морфологиялык архаика жана азыркы адабияттагы «адам-табият» концепциясы. – Б.: Илим, 1991.– 156 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ибраимов Калык. Чингиз Айтматов как мифотворец-мудрец века: (монографическое исследование). - Бишкек: Turar, 2018. - 222 с. - ISBN 9967158433, 9789967158436.
  • Ибраимов Калык. Миф и миропонимание в гуманистической философии Чингиза Айтматова. – Б.: Кыргызстан, 1998. – 108 с.


Ал жана анын доору тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Турдубаев, Жолдош. Тереңдиктин сырын ачкан илимпоз. - "Азаттык" үналгысы. - 01.5.2019. [2]


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. [1]
  2. https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-aitmatov-kalyk-ibraimov-blog/29913989.html