Ибраимов Осмонакун

Википедия дан

Ибраимов Осмонакун - cынчы, адабиятчы, котормочу, мамлекеттик жана коомдук ишмер.

Осмонакун Ибраимов 1954-жылы 5-январда Кара-кулжа районундагы Алайку айылында туулган.
1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетин бүтүргөн.
1985-жылы филология илимдеринин кандидаттыгына,
1991-жылы илимдин докторлугуна илимий диссертациясын жактаган. Профессор (1994), Кыргыз УИАнын корреспондент-мүчөсү, бир канча универси-теттердин ардактуу доктору.
Эмгек жолун 1978-жылы Кара-Кулжа районундагы Алайку айылында орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1979-жылдан Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер,
1984-жылдан В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунун орус жана чет элдик адабияттар кафедрасында окутуучу, ага окутуучу,
1988-жылдан доцент,
1990-жылдан ага илимий кызматкер, кафедра башчысы,
1989-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы,
1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын бөлүм башчысы, пресс-катчы жана Президенттин 1-жардамчысы,
1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө вице-премьер министр,
1996–1999-жж. Индиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде атайын жана толук ыйгарымдуу элчи,
1998–1999-жж. Кыргыз Республикасынын бир эле мезгилде Бангладеш Элдик Республикасында, Непал Королчулугунда жана Шри-Ланка Демократиялуу Республикасында элчи.
1999–2000-жж. кайрадан Президенттин пресс-катчысы жана 1-жардамчысы,
2000–2005-жж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болгон.
2006-2014-жж. КРСУнун профессору жана Кыргыз-Турк Манас университетинин болум башчысы.

2018-жылдан бери Борбор Азия Пен–клубунун президенти.

О.Ибраимовдун адабий сын-макаларлары 1975-жылдан баштап жарыяланып келген. Жазуучунун биринчи адабий-сын макалалар жыйнагы 1983-жылы «Адабий классиканын азыркы өмүрү» деген ат менен китеп болуп чыккан. Саясат, мамлекеттик турмуш, тарых, эл аралык мамилелер боюнча көптөгөн макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарык көргөн. Учур маселелери боюнча публицистикага да көп кайрылган автор. Ал ошондой эле илимий жана көркөм котормо менен да алектенет. Ал тарабынан А.П.Чеховдун, К.Чуковскийдин, В.Астафьевдин А.Алексиндин ж.б. чыгармалары кыргыз тилине которулган.
1987-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. «Манас» орденинин ээси (2003).

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

Адабий классиканын азыркы өмүрү: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 108 б.

Көз караш: Сын китеби. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 128 б.

Орус тилинде



Чингиз Айтматов


2018


Москва, «Молодая гвардия» басмасы, ЖЗЛ сериясы


Айтматов. Последний писатель империи

2018 Астана, «Гылым» басмасы


Сengiz Aytmatov. Hayeti ve adebi kishiligi

2018 Анкара, Турция 'Bengu’ басмасы


Чингиз Айтматов. Життя и творчество» (украин тилинде

2019 Киев,  ФОП В.Л. Зеленский, 2019


Турдакун Усубалиев

2019 Москва, «Молодая гвардия» басмасы, ЖЗЛ сериясы


Турдакун Усубалиев (кыргыз тилинде)

2019 Бишкек, Турар басмасы


История кыргызского государства


2016


Бишкек, «Улуу тоолор»


История кыргызской   литературы 20 века. 2-е доп. издание

2015 Изд-во КРСУ


История кыргызской    литературы 20 века ( в 2-х тт)

2013   Изд-во КТМУ


Кыргызская одиссея. До и после империи

2010 Бишкек, «Улуу тоолор»


Академик Каракеев


2014

Алма-Ата, РК


Испытание историей

Москва, «Международные  отношения».        

Русская литература в киргизских пепеводах

(в соавт. М.А.Рудов)

2009 Изд-во КРСУ

История и Поэзия

2003     Бишкек, «Кыргызстан»          


История киргизской советской лирики

1992 Бишкек, «Кыргызстан»        


Кыргыз совет адабиятынын тарыхы, 1-том (авторский колл)


1986

   

Фрунзе,  «Илим»      

КОТОРМОЛОРУ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Москвин Н. Я. След человека: Повесть. – Ф.: Мектеп. 1985. – 200 с.

Человек без середины. – Ф.: Кыргызстан, 1993. – 168 с.

Чуковский К. Чехов. – Ф.: Кыргызстан, 1988.