Идеал

Википедия дан

Идеал (гр.— эң жогорку үлгү) — жогорку максат жөнүндөгү түшүнүк, көркөм чыгармада берилген бийик эстетикалык сапат. Ал коомдук турмуштун бардык тармактарына мүнөздүү, терең социалдык мааниге ээ көрүнүш. Көркөм адабияттагы идеал тарыхый коомдук кырдаалдарга ылайык болуп, доордун мүнөзүнө карап өзгөрүп турган. Мисалы, «Манас» эпосундагы элдик идеал эрдикке, баатырдыкка байланышат да, Манас ошол идеалдын алып жүрүүчүсү катары эсептелет. Олжобай менен Кишимжан сүйүү, сүйүүдөгү эркиндиктин идеалы деп саналат. Көркөм чыгармачылыктын мыкты үлгүлөрүндө берилген идея, же айрым каармандар эл күткөн идеалдын алып жүрүүчүсүнө айланып калат. Мисалы, «Болот кантип курчуду» романындагы Павел Корчагиндин образы — майтарылбас эрктин, күрөшүүчүнүн, максатына жетүү үчүн жасалган каармандыктын, «Биринчи мугалимдеги» Дүйшөн — алдыга коюлган максатына жетүү үчүн акыр аягына чейин күрөшүүнүн үлгүсүн көрсөтүп турат. Ушулар эл үчүн идеал болуп калды. Коомдук өнүгүүнүн ар бир доору өзүнүн идеалын талап кылат, мезгилдин талабына ылайык ал түзүлөт, убакыттын өтүшү менен өркүндөйт. Коммунисттик идеялуулук азыркы учурдун искусствосу менен адабиятынын башкы белгилеринен, социалисттик реализм методунун негизги принциптеринен болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]