Идинов, Кубанычбек

Википедия дан

Идинов Кубанычбек (16.7.1949-ж. т., Жумгал району, Жаны-Арык айылы) — экономист, экономика илимдеринин доктору (1993).
1970-ж. КМУну, 1988-ж. Россия Башкаруу академиясын бүткөн.
1972—80-ж. Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясында илимий кызматкер, комсомол комитетинин катчысы, 1980—86-ж. Кыргызстан КП БКнын инструктору, сектор башчысы, айыл чарба бөлүмүнүнүн башчысы, 1986—90-ж. Ысык-Көл райондук аткаруу комитетинин төрагасы.
1990—92-ж. Нарын облустук Кеңешинин төрагасынын орун басары, 1992-жылдан Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык туруктуу комиссиянын төрагасы, 1993-жылдан Жогорку Кеңештин контролдоо палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаты (1990-жылдан), 1997-жылдан экология, туризм жана спорт боюнча комитеттин төрагасы. 50дөн ашык илимий эмгектин автору. Эл аралык университеттин профессору.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кубанычбек Идинов: "Өз агасын агалай албаган..." Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
КУБАНЫЧБЕК ИДИНОВ: РЕФЕРЕНДУМ САЯСИЙ РЕФОРМАЛАРДЫ ТЕЗДЕТИШИ КЕРЕК