Идиш-аяк

Википедия дан

Идиш-аяк чарбалык — тамак-аш бышыруу, даярдоо, сактоо жана куюп ичүүгө ылайыкталган үй-тиричилик буюмдары.

Ал темирден (болот, алюминий, чоюн, мельхиор, сары жезден), карападан (фарфор, фаянстан), айнектен, пластмассадан, жыгачтан жасалат. Аны жасоодо бир топ гигиеналык талаптар коюлат: ичи жылмакай. тамак жабышпай, жууганга оңой, коррозияга чыдамдуу, тамактын өңүн, даамын, жытын бузбагандай болууга тийиш. Алюминийден жасалган идиштер көп пайдаланылат.

Анда тамактын бардык түрүн бышырса болот, бирок тамакты 2 суткадан ашык жана туздалган капуста, бадыраңды сактоого болбойт, анткени жегич менен кислотанын таасиринен ал бузулат.

Оорулардын таралышын алдын алууда Идиш-аякты таза кармоо зарыл. Ошондуктан кир кетиргич каражаттарды колдонуп ысык суу менен жууш керек. Синтетикалык пасталар (1 л сууга 1г паста); «Посудомой» күкүмү (1л сууга 1 аш кашык күкүм, суунун температурасы 40—50°); «Прогресс», «Дезмол» кир кетиргич дезинфекциялоочу каражаттарды, сода, горчица, тринатрийфосфат колдонсо болот. Идишти паста жана күкүмдөр менен жууш үчүн нымдалган чүпүрөккө же щёткага кичине салып, аны менен идишти сүрүп, анан ысык суу менен жууп салуу керек, алюминий идиштин карарган жерин ашкана уксусу менен кетирсе болот. Коомдук тамактануу жайларында идиштерди таза жуу өтө зарыл, анткени аз убакытта бир эле идиш менен бир топ адам тамак ичет. Идиш жуулчу ванналар дат баспас болоттон жасалып, эмаль капталып, цинктелет. Адегенде идиштер 40—50°тагы сууга кир кетиргич каражат кошулуп жуулат, анан ошондой эле температурадагы сууга кайтадан жууп, 15—20 мин. кармап, 200— 250 мл 10% хлор акиташы (10 л сууга) кошуп жуулат, акыркы жолу 70°тагы ысык суу менен чайкап, атайын жасалган текчелерге же шкафтарга салынат. Коомдук тамактануу ишканаларында и.-а-ты сүлгү менен аарчууга болбойт.

Балдар идиштери. Балдарга тамак даярдоо жана берүү үчүн өзүнчө идиш бөлүп коюу керек. Бышкан тамакты эмаль капталган же айнек идиште сактоо ылайык. Балдардын идиштерин күнүнө таза жууп, кайнатып, аарчып, тамак даярдоодо гигиена эрежелерин сактоо, зарыл.

Идиш-аяк машина - ӨҮлөрдүн жуугуч машина конструктивдүү алуунун өзгөчөлүгү-жогорку натыйжалуу тазалоо үчүн суунун оптималдуу санын пайдалануу. Чынында, бул фактор, Ашкана идиштеринин тазалоо деңгээли анын температурасына жана чачуунун технологиясына жараша эмес, суунун көлөмүнө жараша болот.[1]

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Идиш-аяк машина.(жеткиликсиз шилтеме)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8