Ийүү (математикадa)

Википедия дан

Ийүү (математикадa) - бетти өзгөртүү же деформациялоо; мында ал бетке жүргүзүлгөн ар бир сызыктын жаасынын узундугу, ошондой эле бетте жайгашкан бурчтун чоңдугу менен фигуранын аянты да өзгөрбөйт. Мисалы, бир барак кагаз цилиндр же конус түрүндө оролгондо (чоюлбас кагаз), анда кагаздын бетиндеги сызыктар өзгөрбөйт. Бетти ийүү дифференциал геометриясынын негизги маселеси. Анын бири Гаусс теоремасы. Азыркы дифференциал геометриясында ар түрдүү беттерди ийүү мүмкүн же мүмкүн эместигин изилдөө негизги орунду ээлейт. Ар бир туюк томпок беттин (мисалы, толук сфера, бүтүн эллипсоид) ийилбестиги далилденген; эгер мындай беттен мүмкүн болушунча кичине бөлүгүн кесип алсак, анда калган бөлүгү ийилиши мүмкүн. Евклид мейкиндигинде беттерди ийүү беттерди кичине аянтка ийүү жана толук бетте бүтүндөй ийүү болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]