Илбирс

Wikipedia дан
Илбирс

Илбирс (латынча Uncia uncia, башка классификацияда - латынча Panthera uncia) — мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч айбан, Кыргызстанда да кезигет. Эң бир сак жаныбар, ал оңой олтоң көрүнбөйт. Ошондуктан илбирстин санын так билүү кыйын. Дүйнө жүзүндө илбирстердин жалпы саны 3500 тегерегинде. [1]

Мазмуну

Турпаты [оңдоо]

Илбирс ичке, узун, ийилчээк денеси, бийик тоолуу жерге жашоого ылайыкташкан кенен таноолору менен салыштырмалуу кыска буттары, кичинекей башы жана өтө узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу менен кошуп эсептегенде узундугу 200-230 см. болот, куйругунун узундугу 80-100 см..[2][3] Салмагы 27-55 кг. Ири эркектеринин салмагы 75 кг. чейин жетет, кээ бир майда ургаачылары 25 кг. чыкпайт. [4]. Боюнун бийиктиги ийнинде 60 см.[5] Жүнүнүн түсү көгүлтүр-бозомуктан саргыч-күңүрт чейин болуп тегерек каралжын тактар менен коштолот.

Жашоо аймагы жана саны [оңдоо]

Негизги жашоо аймагы Борбордук Азиянын тоо кыркалары: Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Памир, Ала-Тоо, Алтай, Саян жана Кунлун жана башкалар болуп, деңиз деңгээлинен 3350 метрден 6700 метрге чейинки бийиктикте мекендешет. Илбирстер Ооганстанда, Бутанда, Кытайда, Индияда, Казахстанда, Кыргызстанда, Монголияда, Непалда,Пакистанда, Оруссияда, Тажикистанда жана Өзбекстанда таралган. [6] Илбирстин жашаган жерлерине жетүү кыйын болгондуктан алардын жашоосунун көптөгөн учуралары толук маалым эмес.

Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыштын фондунун маалыматтарына ылайык түрдүн жалпы саны бардык жашоо ареалдарынын алкагында 3500 - 7500 чейин [7]. Дагы 200 чамалуу илбирс дүйнө өлкөлөрүнүн зоопарктарында кармалып капаста тукумдашат[8].


Өлкө Аймагы,
аянты (км²)[9]
Эсептелген саны
(божомолдуу)[10].[9]
Эсептелген жылы
Ооганстан 50 000 100—200 2003
Бутан 15 000 100—200 1994
Кытай 1 100 000 2000—5000 1998
Индия 75 000 200—600 1994
Казахстан 50 000 180—200 2001
Кыргызстан 105 000 150—500 2001
Монголия 101 000 500—1000 2000
Непал 30 000 300—500[11] 2009
Пакистан 80 000 200—420 2003
Оруссия 60 000[12] 150—200[12] 2003
Тажикистан 100 000 180—220 2003
Өзбекстан 10 000 20—50 2003

Илбирстин кууту [оңдоо]

Илбирстин кууту баардык эле мышыктар уруусуна кирүүчүлөр сыяктуу эле бирдин айынан - жалган куран айларында жүрөт. 3-4 жаштарында жетилип куутка катышат, 95-105 күндөй балдарын көтөрөт. Ургаачысы татаал адам оңойлук менен жетпеген, аскалардын жапалак арча, бадал менен капталган үңкүрлөрдө май айында 2-3 баласын тууйт, алардын салм. 350-400 гга чейин болот.

Илбирстер Кыргызстанда [оңдоо]

Азыркы учурда илбирстердин саны абдан азайып кеткендиктен алар жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар катары 20 кылымда Эл Аралык Жаратылышты Коргоо Бирикмесинин Кызыл Китебине киргизилген. 2010 жылкы такталган маалымат боюнча илбирстерди атууга тыйуу салынган.
Кыргызстан илбирстер көп жашаган өлкөлөрдүн катарына кирет. Кыргызстанда азыркы учурда 200-250 илбирс бар.[13] 1992 ж. Кыргызстандагы барсттардын саны 800 жетип, дүйнөдөгү Кытайдан экинчи орунду ээлеп турган. [14] Кыргызстанда илбирсттер Ала-Тоо жана Памир-Алай кырка тоолорунда кезигет. Илбирстер Беш-Арал коругунда, Ыссык-Көл коругунда, Нарын коругунда, Сары-Челек биосфералык коругунда, Сарычат-Эркештам коругунда жана Ала-Арча улуттук сейил багында кезигишет.[15]

Илбириске аңчылык [оңдоо]

Илбирсти бардык эле мергенчи биле бербейт, анын экологиясын, биологиясын билген мергенчилер аз, мындай адамдар илбирстин кылык-жоругун билүү үчүн ага жыл бою көз салуусу жүрүүлөрү керек. Мындай адамдарды элде «илбирс кармоочулар» деп коюшат. Мына ушул илбирсти кармооочулар чоңдорун капкан менен кармашып, балдарын үңкүрлөрдөн алышып сатышат. Илбирс табышсыз, ылдам, шамдагай жүрөт. Бул түрдүн мекендеген жери эчки-текелер, эликтер жайылып жашаган жерлерине туура келет.

Шилтемелер [оңдоо]

  1. http://www.time.kg/index.php?newsid=752
  2. a b c d e f g h i j k Sunquist, Mel; Sunquist, Fiona (2002). Wild cats of the World. Chicago: University of Chicago Press. pp. 377–394. ISBN 0-226-77999-8.
  3. ^ a b c d e f g "Snow Leopard Fact Sheet". Snow Leopard Trust. 2008. Retrieved 2008-10-23.
  4. Boitani, Luigi, Simon & Schuster's Guide to Mammals. Simon & Schuster/Touchstone Books (1984), ISBN 978-0-671-42805-1
  5. Ошол эл жерде
  6. International Snow Leopard Trust and Snow Leopard Network. Стратегия развития снежных барсов. Итоговая версия. США, Сиэтл, 2007
  7. http://www.wwf.ru/data/publ/irbis.pdf
  8. http://www.wwf.ru/data/publ/irbis.pdf
  9. 9.0 9.1 Animal Info — Snow Leopard
  10. Jackson, R., Mallon, D., McCarthy, T., Chundaway, R. A. & Habib, B., Panthera uncia, 2008
  11. WWF International, 300—400 snow leopards estimated to be found in Nepal, 27. Juli 2009
  12. Cite error: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named WWF
  13. http://granitim.ru/kyrgyzstan-po-svoemu-snezhnye-barsy-na-grani-ischeznoveniya/
  14. http://www.time.kg/index.php?newsid=752
  15. International Snow Leopard Trust and Snow Leopard Network. Стратегия развития снежных барсов. Итоговая версия. США, Сиэтл, 2007