Илекор

Википедия дан

Баатырдыктын даражасы. Жоонун ыгына жараша урушуп, ыгы келген жерде жалгандан качымыш болуп, жоонун аты талып, өздөрү чарчагансып бириндеп калган чакта кайта качырып сайып алат. Жоонун аз-көбүн билмекке качырткы салат. Жоо качырып, чарчатар жагын көздөйт. Эгер жоодон чындап качып калса, аты чабал жолдошторун алдына, тандамал жигиттерин артына коюп, анын соңунан өзү түшүп, жоону жолдошторуна аралатпастан улам-улам тосуп, согушуп, илгери имербейт. Тоолуу бийик бек жер болсо, аттуу, жөөлүү болуп (ит урушун салып) согушат, дейт. Эгерде жолдошунун аты жүрбөй калган болсо, жоодон ат түшүрүп, аны мингизип ала жөнөйт. («Качсам да бир ат олжом бар, куусам да бир ат олжом бар» деген баатырлардын макалы ушул). Мындай баатырдын жолдошторуна чоң пайдасы болгондуктан, согушка мындай баатырларга карамалап, аскер көп пааналайт. Макталуу баатырлар ушул болуп, буларды «Илекор баатыр» деген.

Баатырлардын даражалары.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]