Иле алатоо, тоо

Wikipedia дан

Иле Ала-Тоо, тоо – түндүк Теңир-Тоодогу кырка тоо, Кыргызстан менен Казакстандын чегарасында. Орточо бийиктиги 3750 метрге жакын, эң бийик жери – Талгар чокусу (4973 м). Тоодо Теңир-Тоодогу эң байыркы тоотек катмарлары жатат. Алар архей заманында пайда болуп, кийин өзгөрүүлөргө учураган жана өтө метаморфизмделген. Тоо этектеринде антропоген мезгилинин чөкмөлөрү жатат. Интрузия тоо тектеринен гипербазит, габбро, гранит жана сиениттердин массивдери кездешет. Тоонун мезозойго чейинки тектоникасы татаал, ал эми азыркы учурда ал негизинен бир мегантиклиналды түзөт. Полиметалл, висмут, алтын, молибден, сейрек жана чачыранды элементтер, кооз мрамор, гранит жана башкалар кендер бар.

Иле Ала-Тоо борбордук бөлүгүнөн батышты жана чыгышты карай жапыздайт. Түштүк капталдары тик жана кыска, түндүгү жазы. Айрым чокуларын мөңгү (жалпы аянты 484 км2) каптап жатат. Түндүк капталынан Иле дарыянын, түштүгүнөн Чоң-Кемин суусунун куймалары башталат. Иле Ала-Тоосуна жарым чөл (900–1300 м), талаа (900–1900 м), токой-шалбаалуу талаа (1400–2800 м) шалбаалуу субальп (2500– 3100 м), шалбаалуу альп (3100–3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Түндүк этегинен Алматы ш. орун алган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]