Илимий техникалык оптимизм

Википедия дан

Илимий-техникалык оптимизм Техникалык оптимизм– философия, социология, футрология илимдериндеги агым; илим менен техника өнүккөн азыркы шартта адамзат туш болгон глобалдуу проблемаларды илимий техникалык прогресстин жардамы менен чечип, карама каршылыктуу экологиялык кырдаалдан чыгууга болот деп үмүттөнүү.

Илимий-техникалык оптимизм 20-кылымдын 1960-ж-дын аягында 1970-жылдардын башында түптөлүп, модерндешкен технологиялык теориянын позициясынан туруп, «экологиялык пессимизмге» карама-каршы турган технологиялык теория. Көрүнүктүү өкүлдөрү – Д. Белл, Г. Кан, А. Тофлер (АКШ), Б. де Жувенель, Ж. Фурастье (Франция), О. Флехтхейм (Германия), К. Фримен, Д. Габор (Англия), И. Кайя (Япония), ж. б. Адам коомунун өнүгүшүндө социалдык-экономикалык факторлорду баалабай адамзаттын тарыхый тагдырын аныктоодо илимий техникалык прогресстин маанисин ашыра баалайт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]