Илхам

Википедия дан

Илхам — чыгармачылык дем, поэтикалык эргүү. Жазуучуда турмуш көрүнүштөрүнүн таасирлеринен эргүү пайда болуп, ага психологиялык жактан чыгарма жазбай коюуга болбой турган дем келет. Ушундай шартта жаралган чыгарма таланттуу жазылат. Илхам искусство чеберлеринин баарына мүнөздүү көрүнүш, ал ошондой эле өндүрүштүн алдыңкыларында да, илимпоздор менен ойлоп табуучуларда да болот. Байыркы гректер илхамды канаттуу ат — Пегасты минүү менен байланыштырышкан.

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine