Иманалиев, Токтомуш

Википедия дан

Иманалиев Токтомуш (25.6.1926-ж. т., Нарын району, Куланак айылы)— Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1984), экономика илимдеринин кандидаты (1969), журналист.
1945-ж. Нарын педагогикалык окуу жайын, 1952-ж. КМУнун география факультетин, 1961-ж. Москвадагы Жогорку партиялык мектепти бүткөн.
1945—48-ж. Нарын шаарындагы Токтогул орто мектебинде мугалим, шаардык билим берүү бөлүмүндө инспектор, бөлүм башчы, 1953-ж. Нарындагы мугалимдер институтунда мугалим, Нарын обкомунда лектор, 1959-ж. Кыргызстан КП БКда лектор, 1961—69-ж. "Кызыл Кыргызстан" гезитинде, "Коммунист" журналында бөлүм башчы, 1969—72-ж. Партиянын тарыхы институтунда сектор башчысы, 1972—86-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы телеграф агентствосунун директору, 1987-жылдан экономика институтунда, статистикалык илимий изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, окумуштуу катчы. Экономика проблемалары боюнча 200дөн ашуун илимий макалалардын автору. "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.