Иммобилизиция

Википедия дан

Иммобилизициятравмага учураганда, сезгенгенде же башка катуу оору процесстеринде жабыркаган орган же дененин башка бөлүктөрүн тынчтандыруу максатында кыймылсыз абалды түзүү. И. транспорттук (убактылуу) жана дарылоочу болуп бөлүнөт. Дарылоочу иммобилизицияны көбүнчө гипстеп таңуу менен врач, кээде фельдшер жасайт. Транспорттук иммобилизиция кырсык болгон жерде жапа чеккен кишини ооруканага жеткиргенге чейин кошумча майыпка учуратпоо максатында жасалат; негизинен сөөк сынганда травмалык шоктон сактайт, чоң жараат, жарааты бар сыныктарда инфекциянын тез тарашына тоскоолдук кылат. Транспорттук иммобилизиция жасалбаса же туура эмес жасалса сөөк сыныктары ордунан жылып, нерв жана чоң кан тамырларды жабыркатат. Кырсык болгон жерде убактылуу иммобилизиция жасоо үчүн көбүнчө фанерадан, тактайдан, чырпыктардан, катуу калың картон жана башкалардан жасалган шакшактар колдонулат. Кээде кокустаган колду кыймылдатпаш үчүн денеге (же жоолук менен моюнга асып коюу) же кокустаган бут соо бутка таңылат.

Моюнду картон (1) жана кебез-тайпы жака (2) менен кыймылдатпай таңуу.

Бут-кол кокустукка учураганда көп узартпай тезинен шакшакты кийимдин үстүнө коюп таңуу зарыл, себеби кийимди чечкенде кошумча травмага учурайт; шакшактоодон мурда шакшакка кебез же жумшак ткандарды төшөө; ал эми дененин жылаңач бөлүгүн шакшактоодон мурда жарааттын тегерегин тазалап, сөөк урчуктарына кебез же жумшак чүпүрөк коюу сунуш кылынат; керек учурда кан токтотуучу буугучтар менен таңылат, буугуч менен байланган мезгилин кагазга жазып кыстарып коюу керек. Бут-колду шакшак менен катуу таңып койгондо кээде кандын айланышы бузулат; кол-бут чымырап, сайгылашып уюйт, териси көгөрүп чыгат.

Кол чеңгелинин сөөктөрү сынгандагы иммобилизация.
Омуртка жана жамбаш сынганда колдонулуучу иммобилизация: жабыркаган кишини тактайга жаткырып, тизесинин алдына жаздык коюлган.
Акырек же кол сынганда жасалуучу нммобнлизация: жабыркаган колду жоолук менен моюнга асып коюу (1,2) же бинт менен денеге таңуу (3).
Ийин сынгандагы нммобилизация: сынган ийинге шакшак коюп (1), аны бинт менен таңып бекитүү (2) жана жоолук менен моюнга асуу (3).
Кашка жилик (1), шыйрак сөөгү (2), бут кет- мени (3) сынганда колдо болгон нерсе менен иммобилизация жасоошондой


Бул учурда таңылган бинтти кесип же чечип жиберип, кайрадан таңууга туура келет. Кышында шакшак коюп таңылган бут-колду үшүп кетпесин үчүн жылуулап оройт, шакшак тийиштүү узундукта болуп, кокустукка учураган органга жанаша эки муунду кыймылсыз кармашы зарыл. Баш жана моюндун транспорттук иммобилизициясы баштын оор травмасында, моюн сөөктөрү сынганда же катуу кокустаганда колдонулат. Бул учурда тегерек резина, кебез-марли же картон жакалар кийгизилет, астыңкы жаак жабыркаганда, ээкти өйдө көтөрүп, картон же фанера коюп таңып коёт. Кол жабыркаганда колду бүгүп туруп, шакшак (тактай, бутак жана башка) коюп таңып туруп, жоолук, кур менен моюнга илип койгон туура. Кол чеңгелин кыймылдатпоо үчүн алаканга бинт менен катуу оролгон кебез же кичинекей топту коюп колду тактайга (шакшакка) таңуу керек. Омуртка тутуму жана жамбаш жабыркаганда, транспорттук иммобилизицияда жапа чеккен кишини катуу замбилге же тактайга жаткырат. Кашка жилик сынганда колдонулуучу транспорттук шакшактар буттун бардык муундарын кармашы зарыл. Ал үчүн эки шакшак (узуну — колтуктан ылдый сырт жагына, кыскасы — буттун ички бетине, кызыл ашыктарга чейин) салынат. Бут кетменинин травмасында кызыл ашык менен муундарын кыймылдатпай таңыш керек. Эгерде И. каражаттары болбосо, кокустаган бут соо бутка 3—4 жеринен байланып таңылат. Мында соо бут шакшактын милдетин аткарат.

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8