Иммунология

Википедия дан

Иммунология - (иммунитет жана ...логия) организмдин функциялык жана структуралык бүтүндүгүн, биологиялык өз алдынчалыгын сактоого багытталган коргонуу реакциясы жөнүндөгү илим. Иммунитеттин жалпы биологиялык негиздерин, анын пайда болушун жана эволюциясын, түр ичиндеги ар түрдүүлүктү, ткань антигендеринин тукум куугучтук касиетин, антигендердин химиялык түзүлүшүн касиетин жана алардын өз ара аракеттенүү закон ченемин үйрөтөт. Эпидемия учурунда ошол оорудан айыккан киши оорулуу адамды баккан учурда өзү оорубай тургандыгы байкалган. 1876-ж. англиялык врач Э. Женнер уй чечегин адамга жугузуу менен, чечекке каршы жасалма эмдөөнүн жолун тапкан. Иммунологиянын башталышына И. И. Мечников, А. А. Безредка ж. б. илимпоздордун салымы зор. Иммунологиялык реакцияларды клиникалык иммунология кээ бир ооруларды аныктоо, дарылоо жана алдын алуу үчүн пайдаланат. Ал медицина жана ветеринария, микробиология, ошондой эле эпидемиология, физиология, биохимия, эндокринология ж. б. илимдер менен тыгыз байланыштуу. Иммунологиянын кан сары суусундагы антителолор менен антигендик реакциясын изилдөөчү бөлүгү серология деп аталат. Клиникалык иммунологиянын аллергология, микробиология боюнча маселелери эл аралык конгресстерде талкууланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]