Иммун глобулиндери

Википедия дан

Иммун глобулиндери — активдүү антителосу бар глобулалуу белоктор.

Омурткалуу жаныбарлардын жана кишинин кан сары суусунда, ошондой эле уузда, шилекейде, жаш суюктугунда, тамак сиңирүү жолунун бездери бөлүп чыгарган секретте болот. Бардык Иммун глобулиндери кандайдыр бир антигендин антителосу болуп эсептелет. Алардын 5 түрү (м, 6г, А, е, д) бар. Организмдеги антигенге каршы эң алгач молекулалык салмагы чоң «м» И. г. пайда болот. Андан кийин «О» Иммун глобулиндери синтезделет. Бул Иммун глобулиндери бактерияларды жана алардын уусун зыянсыздандырат. Ичеги былжыр челинде, шилекейде жана башка суюктукта «А» И. г. өтө көп чогулуп, чөйрөдөн организмге микроорганизмдин киришине тоскоолдук кылат. Алар иммунитет пайда кылууга катышат. Иммун глобиндерин лимфа клеткалары синтездейт. Бул клеткалар жабыркаганда кан менен заарада миеломдуу иммун глобиндери көбөйөт. Гамма-глобулиндин составына кирип, дарылоо максатында колдонулат. иммунитет — тирүү организмдин зыяндуу агенттерге туруштук берүү жөндөмдүүлүгү; организмдин бардык процессине катышуучу коргонуу реакциясы. Организмге антигендүү заттар — бактериялар, вирустар, алардын уулары, мите курттар киргенде организмдеги өзгөрүлгөн клеткалар (мисалы, рак) жана организмге ткандар же органдар хирургиялык жол менен жамалганда аларга каршы заттарды — антителолорду пайда кылат. Алар антигендер менен өз ара аракеттенишип, бири-бири менен байланышып, антиген — антитело бирикмесин түзөт. Мунун натыйжасында антигендер организмге болгон зыяндуулугун жоготот. Антителонун бир бөлүгү кандын суюк бөлүгүндө иштелип чыгат (гумордук Иммун). Мындан тышкары микробдор организмге киргенде аларга каршы заттар клеткаларда пайда болот (клеткалык Иммун). Кийин пайда болгон Иммун организмге антигендердин таасир этишинен келип чыгат. Анын активдүү жана пассивдүү түрү бар. Кийин пайда болгон активдүү И. жугуштуу оору менен ооруп айыккандан кийин же организмге вакцинаны киргизгенден (эмдөө) кийин пайда болот. Мисалы, адам кызылча, кептөөр, көк жөтөл, суу чечек жана башка оорулар менен ооругандан кийин, организм бул оорулардын козгогучтарына каршы өмүр бою туруктуу же узакка сакталган антитело иштеп чыгат. Мунун натыйжасында бул оорулардын айрымдары менен экинчи оорушпайт же сейрек оорушат, ооруса да жеңил өтөт. Себеби денедеги ошол оорунун козгогучуна каршы заттар козгогуч экинчи жолу денеге жукканда аны дароо эле жугушсуздандырат. Организм ар бир оорунун козгогучуна гана дароо каршы тура турган атайын заттарды бөлүп чыгарат. Айрым оорулардан кийин И. кыска мөөнөткө гана пайда болот. Мисалы, дизентерия жана башка оорулар менен кишилер өмүрүндө бир нече жолу оорушу мүмкүн.

Кийин пайда болгон Иммунитет пассивдүү түрүндө антителолор эненин организминен түйүлдүккө анын тону аркылуу берилет. Мунун натыйжасында жаңы төрөлгөн бала алгачкы 3—6 айларында балдардын кызылча, кептөөр, көк жөтөл, полиомиелит жана башка жугуштуу ооруларынын козгогучтарын кабыл алышпайт жана алар менен оорушпайт. Пассивдүү деп аталышынын себеби, антитело баланын денесинен иштелип чыкпастан, аны энеден даяр түрдө алат. Пассивдүү Иммунитет ооруп айыккандардын, эмделгендердин канынан даярдалган атайын айрым оорулардын козгогучтарына каршы антителолору бар глобулиндерди же кан сары суусун организмге киргизип, жасалма пайда кылса да болот.


Кишинин организми кээ бир жаныбарлардын, канаттуулардын, малдын ылаңын пайда кылуучу микробдорго туруктуу болушат. Мисалы, кишилер дээрлик малдын чумасы менен оорубайт. Ошондой эле адамдарда кездешүүчү кептөөр, котон жара, көк жөтөл, кызылча жана башка оорулар жаныбарларда кезикпейт. Адамдардын жана жаныбарлардын организминин мындай айрым оорулардын козгогучун кабыл албоочулук жөндөмдүүлүгү тубаса И-тин болушу менен түшүндүрүлөт.

Тубаса Иммунитет туруктуу болуп, укумдан тукумга берилет. Организмдин жугуштуу оорулардын козгогучтарына каршы күрөшүүдө табигый И-тен башка кээ бир денедеги коргонуу заттардын мааниси чоң. Мисалы, теринин, былжыр челдин микробдорду өткөзбөй коргоосу, териден бөлүнүп чыккан суюктук (секрет), карын зилиндеги заттар микроорганизмдерге терс таасирин тийгизип, алардын денеге кирүүсүнө жана өсүшүнө тоскоол болот. Ошондой эле кандагы жана денедеги бөлүнүп чыккан суюктуктар (шилекей, көздүн жашы жана башка), фермент заттары микробдорго каршы терс таасир этет. Андан тышкары вирустар, микроорганизмдер бөлүп чыгарган уу заттар, ажыроо продуктулары организмден тер, какырык, заара жана заң менен бөлүнүп чыгарылат. Вирустук жугуштуу оорулардан коргонууда организмдин вирустарга каршы атайын белок — интерферонду иштеп чыгышы, кан сары суусу, лимфа, ткань суюктугундагы белоктордун (комплемент) жана фагоциттик клеткалардын ролу да чоң. Комплемент организмдердин суюктуктарында такай болот. Комплемент антитело менен бирдикте фагоциттөөчү клеткаларга жугуштуу оорулардын козгогучтарын бузууда жардам берет. Фагоциттердин ролун алгач орустун улуу окумуштуусу И. И. Мечников 1883-ж. ачкан (к.Фагоцитоз). Иммунитет бул тубаса факторлору организмдин жугуштуу ооруларга табигый туруктуулугун камсыз кылат. Ал туруктуулук дене күйгөндө, катуу үшүгөндө, кан көп кеткенде, жарадар болгондо жана башка төмөндөп, адам түрдүү жугуштуу жана сезгенүү оорулары менен көп ооруйт.

Организмдин түрдүү оорулардан коргонууга багытталган реакциясын лимфа системасы ишке ашырат. Бул системага сөөктүн чучугу, тимус (ачакей без, көк боор, лимфа бездери жана башка) кирет. Инфекцияга же вакцинанын киришине жооп катары активдүү Иммунитет пайда болууда лимфоциттер негизги ролду ойнойт. Алардан чыккан плазма клеткалары антитело иштеп чыгарат. Лимфа системасына кирген айрым органдар ар кандай кызматты аткарып, борбордук жана четки болуп бөлүнөт.

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8