Импичмент

Википедия дан

Импичмент (англ. impeachment ) – бир катар өлкөлөрдө жогорку кызмат адамдарынын жоопкерчилигин ишке ашыруунун өзгөчө тартиби. Башкаруунун республикалык таризинде айрым мамлекеттерде баарыдан мурда мамлекет башчысы – президент мамлекеттик чыккынчылыкка барса же конституцияны бузса И. жарыялоо каралган. И. жарыялоонун жолжобосу ар түркүн. АКШнын 1787-жылкы Конституциясында каралган – парламенттин төмөнкү палатасынын айыпты аныктап жана жарыялоосу, ал эми жогорку палатасынын аны карап чыгып, сот катары чечим кабыл алуусу И-тин классикалык схемасы болуп саналат. Башка бир схемада айып тагуу парламентке таандык, ал эми акыркы чечимди жогорку соттордун бири кабыл алат. Жаза кызматтан кетүүдөн ары ашпайт, ошентсе да, эреже катары, И. жарыяланып кызматтан четтетилген кызмат адамы андан ары жөнөкөй сот тарабынан соттолуусу жана кылмыш жазасына тартылуусу мүмкүн экени айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]