Инверсия

Википедия дан

Инверсия – 1) геометрияда OОА= k барабардыгы аткарылгандай, тегиздиктин ар бир A чекитин (ОА) шооласында жаткан чекитине которгон өзгөртүү. Мында k туруктуу чыныгы сан. О чекити инверсиянын борбору же уюлу, k даражасы же коэффициент деп аталат. Эгер k = a2 болсо, анда O борборлуу жана а радиустуу айлананын s чекиттери инверсия учурунда өзүнө өзү өтөт. Кээде оң даражалуу инверсия гиперболалык инверсия, ал эми терс даражалуусу эллипстик инверсия же антиинверсия деп аталат. Декарт тик бурчтуу координатасында инверсия , формуласы менен же комплекстик өзгөртмөлүү тегиздикте z = k/z формуласы менен берилет. Инверсия комплекстик өзгөрмөлүү функциялар теориясында, геометрияда жана башкалар колдонулат. 2) Комбинаторика инверсиясы эки элементтин жанаша турарына же алар башка элементтер менен бири биринен ажырашына карабастан, орун алмаштырууда алардын кадыресе тартибинин бузулушу. Мисалы, элементтердин нормалдуу жайгашышы abc болсо, анда аны bca деп өзгөртүүдө b жана а, с жана a элементтери инверсияны түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]