Индианаполис

Википедия дан
Индианаполис.

ИндианаполисАКШнын чыгышындагы шаар. Индиана штатынын административдик борбору. Штаттын борбордук бөлүгүндө, Уайт-Ривер дарыясынын (Огайо дарыясынын алабы) боюнда жайгашкан. Калкы 770,6 миң (2007; шаар айланасы менен 1,7 млн). Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1821-ж. негизделген 1847-жылдан шаар статусуна ээ. Машина куруу (авиация, автомобиль кыймылдаткычы, подшипник, станок, байланыш каражаты, контролдоп ченөөчү аспаптар, ар кандай өнөр жай жабдуулары), түстүү металлургия, химиялык-фармацевтика, тамак-аш жана башкалар өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, ИИИлер, китепканалар, музейлер, театрлар бар. Жыл сайын жаз музыка (1999), эл аралык кинофильм жана кинематография фестивалдары өткөрүлөт. Зоопарк уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]