Инженердик геология

Википедия дан

Инженердик геологиягеологиянын имараттарды жана түрдүү курулуштарды (жол, көпүрө, канал, суу сактагыч жана башкалар) куруу иштерин изилдей турган тармагы. Жердин үстүңкү кыртышынын геологиялык шарттарын кыртыштын сапатын, гидрогеологиялык абалын, рельефин, сейсм кыймылдардын таасирин, тоо тектердин курамын, түзүлүшүн, текстурасын жана физикалык-механикалык касиеттерин изилдөө; курулуш менен табияттын бири-бирине тийгизген таасиринен келип чыккан процесстер менен кубулуштарды болжолдоо жана алардын зыяндуулугуна каршы чараларды иштеп чыгуу. Инженердик геология курулуш башталардын алдында имарат жана башкалар тургузулуучу жердин табигый геологиялык шарттарын, курулушту тургузуу жана аларды пайдалануу учурунда тоо тектерде болуучу өзгөрүүлөрдү изилдейт. Азыркы мезгилде бир да курулуш инженердик геологиялык изилдөөсүз башталбайт. Инженердик геология изилдөөлөрдүн натыйжасында курулуштарды жайгаштыруунун эң ыңгайлуу жерин, алардын ишенимдүү конструктивдик материалдарын жана жумуштарды жүргүзүү жолдорун аныктайт. Инженердик геология бир нече атайын тармактарга бөлүнөт: кыртыш таануу (грунтоведение) тоо тектери менен кыртышты, инженердик курулуштарды тургузуучу жайды, табигый курулуш материалын чөйрө катары изилдейт; кыртыш механикасы кыртыштын туруктуулугун, бекемдигин изилдейт; геологиялык процесстерди изилдөө инженердик геодинамика, аймактык инженердик геология; атайын курулуш, жол, аскердик инженердик геология; жер астындагы суулардын курулушка тийгизген таасирин инженердик гидрогеология изилдейт. Кийинки мезгилде тоң таануу, лёсс таануу, деңиз инженердик геологиясы, инженердик сейсмология сыяктуу тармактары чоң мааниге ээ болууда. Инженердик геология гидрогеологиялык, геокриология, нефть геологиясы сыяктуу илимдер менен тыгыз байланыштуу. Инженердик геология өзүнүн изилдөөлөрүндө геологиялык, геофизикалык жана физика менен химиянын ыкмаларын кеңири колдонот. 1968-ж. Прагада болгон Эл аралык геологиялык конгресстин 23-сессиясында инженер-геологдордун Эл аралык ассоциациясы уюштурулган. Кыргызстанда Инженердик геологиялык изилдөөлөрдү КР УИАнын Геология институтундагы гидрогеология жана инженердик геология бөлүмү, ошондой эле КР мамлекеттик долбоорлоо институттары ишке ашырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]