Инстинкт

Википедия дан

Инстинкт (лат. instinctus – дүүлүгүү, делөөрүү) – 1. психикалык ишмердүүлүктүн формасы, жүрүм-турум тиби. 2. Жаныбарлардын жүрүм-турумундагы тубаса, тукум куучулук мүнөзүндөгү дүүлүгүү формалары. Сырткы дүүлүктүргүчтөрдүн таасири астында аталган формалар дароо эле пайда болот да, жаныбарлардын жүрүм-турумундагы тигил же бул деңгээлдеги жөнөкөй жана татаал, аң-сезимдүү жана аң-сезимсиз, зарыл жана «максаттуу» иш-аракеттерди аныктайт. Мындай иш-аракеттерди аныктаган негизги инстикттер катары азыктануу, тазалануу, көбөйүү, тукумуна камкордук көрүү, пикир алышуу, коргонуу жана орун которуштуруу Инстинктерин атоого болот. Жеке индивиддин тажрыйбасынан алынган Инстинктерди түшүндүрүү өтө татаал; алар тубаса мүнөзгө ээ болуу менен индивиддин өмүр жолунда же күчөп, же начарлап турат. Инстинктердин келип чыгышы тууралуу көп сандаган гипотезалар бар, бирок, алардын бири да учурдагы илим тарабынан канааттандыраарлык баага арзый элек. Аң-сезимдүү иш-аракеттерден Инстинктер төмөнкүдөй өзгөчөлүгү менен айырмаланат: алар белгилүү бир (кадыресе, табигый) шарттарда жаралышат жана мааниге ээ болушат; аталган шарттардын кескин өзгөрүшү менен Инстинктер дароо жоголушат жана максатсыз болуп калышат. Адамдардын Инстинктери тууралуу маселе ар кандай философиялык жана психологиялык мектептердин чегинде ар башкача чечилет. Философиялык аныктамалар боюнча Инстинкт деп жүрүм-турумдун 1) аффективдүү, 2) аң-сезимге баш ийбеген, 3) аң-сезимсиз, 4) рефлектордук формалары түшүндүрүлөт. Аталган Инстинктер адамдын турмушунда кандай роль ойноору тууралуу маселе бүгүнкү күнгө чейин аныктала элек. Аң-сезимдүү ой жүгүртүү жана эрк Инстинктер тарабынан шартталаары аныкталган. Инстинктерди өчүрүү аркылуу адам жаныбарлар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгып, маданияттуу жандыкка айланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]