Интеграция (философия)

Википедия дан

Интеграция-(лат. integer – толук, бүтүн, бузулбаган) – бүтүндүктү көздөгөн процесс же иш-аракет; биригүү, кошулуу, биримдикти кайрадан түзүү.

Спенсердин философиясында интеграциянын түшүнүгү чачыранды, байкалбаган абалдарды бириккен, көрүнүктүү, өз ара байланыштуу абалга айландырууну чагылдырат. Интеграциянын ички кыймылы жай мүнөздө болот, ал эми бүтүндүктүн чачырап кетүүсү менен байланышкан дезинтеграция процесси тездиги, тез кыймылы менен айырмаланат. Спенсер интеграция түшүнүгүн агрегаттарды тең салмакка келтирүүчү каражат катары кеңири пайдаланган. Анын пикири боюнча күн системасынын, планеталардын, организмдин, улуттардын өнүгүшү интеграция менен дезинтеграциянын удаалаштыгы болуп саналат. Йеншанын психологиясында интеграция айрым рухий белгилердин бүтүндөй рухий турмушка таралышын түшүндүрөт. Сменддин мамлекет тууралуу окуусунда интеграция деп ишмердүүлүктүн ар кандай багыттагы түрлөрүнүн өз ара алакасы аркылуу мамлекеттин туруктуу түрдө жаңыланып туруусу түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2010,I0SBN 9967-14-020-8