Интеллигенция

Википедия дан

Интеллигенция (лат. intelligens – акылдуу, түшүнгөн, билген, ойлогон) – акыл эмгеги, көбүнчө татаал чыгармачылык эмгек менен кесип кылып, маданиятты өнүктүргөн жана жайылткан элдин коомдук катмары. Билимдүүлүк жана интеллигенттүүлүк жакын, бирок бирдей эмес түшүнүктөр. Интеллигентүүлүк жогорку адеп-ахлактуулук, гумандуулук, терең сезимдер, граждандык жетилүү, социалдык тажрыйба, эмгектин, турмуш-тиричиликтин, жүрүм-турумдун маданияты, өнүккөн психологиялык касиеттер сыяктуу сапаттарга ээ. Билимдүүлүк бул сапаттардын бардыгын байытат, бирок алардын бирин да алмаштырбайт. Өзгөчө социалдык катмар катары интеллигенция акыл эмгегинин күч эмгегинен бөлүнүшүнөн тартып калыптана баштады. Машиналарды колдонууга негизделген, абдан өнүккөн өндүрүш көп сандагы инженердик-техникалык жана илимий кызматкерлерди гана эмес, өнүккөн тейлөө сферасын (саламаттыкты сактоо, агартуу, соода, маданият, башкаруу структуралары ж. б.) талап кылган капитализм учурунда гана өзгөчө социалдык катмарга айланган. Бул шарттарда үстөмдүк кылуучу таптарга тиешелүү интеллектуалдык ишмердүүлүккө монополия эмгектин рыногу менен алмаштырылат анда өзгөчө товар болуп – билим, талант, уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрү көрсөтүлөт. Аларды сатып алуучу катары өндүрүш каражаттарынын ээлери жана мамлекет чыгышат. Интеллигенция коомдун түрдүү катмарларынан жана таптарынан алынат. Анын жогорку катмарлары (башкаруу, илимий, аскердик элита) буржуазияга кошулса, (төмөнкүлөрү контролдук кызматкерлер, мугалимдер, медицина кызматкерлери ж. б.) эмгекчи тапка биригишет. Кесиптик структурасы боюнча интеллигенция илимий-техникалык, башкаруучулук, аскердик, укуктук жана сот органдарынын кызматкерлери болуп бөлүнүшөт. Маданият массалык маалымат каражатынын кызматкерлери интеллигенциянын чоң отрядын түзүшөт. Дин кызматкерлери идеологиялык жана адеп-ахлактык функцияларын аткарышат. Интеллигенциянын илимий жана инженердик-техникалык катмарынын ыкчам өнүгүүсү байкалууда. Кээ бир өлкөлөрдө иш менен камсыз болгондордун арасында алардын салыштырма салмагы 30–50%ке жетет. Японияда күч эмгегинин бир кызматкерине акыл эмгегинин он кызматкери туура келет, интеллигенция коомдук негизги өндүрүш күчүнө айлантуу тенденциясы көбүрөөк өзүн көрсөтүүдө. Анын саясий ролу да жогорулоодо. Ал идеологиянын башкы жаратуучусу, көп учурда саясий партияларды түзүүнүн демилгечиси болуп чыгат да, алардын башкаруу структурасына кирип, түрдүү коомдук кыймылдарды башкарат. Бүгүнкү күндөгү цивилизация жалпы адамзат керектөөлөрүнө, кызыкчылыктарына, максаттарына артыкчылыктарды берүүдө. Бул болсо демократтык кыймылдардын жана демократтык кайра түзүүлөрдүн маанисин жогорулатат. Кыргызстандагы демократтык процесстер интеллигенциянын бардык кесиптик топторун кыймылга келтирди. Бирок ар бир топ анда түрдүү даражадагы активдүүлүк менен катышат. Көбүрөөк радикалдык жолду – журналисттердин, илимий кызматкерлердин, адабиятчылардын маанилүү бөлүгү ээлеген, алар өткөндөгү өкүмчүл – администрациялык системанын запкысын тарткандар. Андан тышкары: маалымдуулук-массалык маалымат каражаттары, ал эми коомдун өнүгүүсүндөгү жаңы этаптын проблемаларын иштеп чыгуу – илимий адистер аркылуу жүргүзүлгөн. Бул алардын түрдүү коомдук бирикмелердин ишмердүүлүгүндө катышуусун жана жогорку рейтингин аныктаган. Булар жана интеллигенциянын башка кээ бир катмарлары өлкөдө пайда болгон демократтык партиялардын кыймылдардын социалдык базасын түзгөн. Алардын көпчүлүгү реформаларга, рынокко өтүүгө жана жеке менчикти жана ишкердикти өнүктүрүү аркылуу дүйнөлүк экономикага кирүүгө багыт алышкан. Жаңы процесстерди башкарууну интеллигенциянын өкүлдөрү бирдей кабыл алышкан жок. Алардын кээ бир бөлүгү реформалар, алардын абалына, артыкчылыктарына, кызыкчылыктарына таасир тийгизгендиктен консервативдик позицияны ээлешти. Бардык коомдук мамилерди терең демократташтыруунун негизинде квалификациялык жана моралдык белгилери боюнча адистерди тандоону күчөтүү, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнүн элдик механизмин түзүү зарыл. Өлкөдөгү демократтык куруулардын ийгилиги интеллигенциянын жумушчу табы жана дыйкандар, кооператорлор жана ишкерлер менен болгон союзунун бекемдигине байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9