Интернет радио

Википедия дан

Интернеттен онлайн радио угуу — Көпчүлүгүбүз чет өлкөлөргө кетип келип турабыз. Кээ бирлерибиз узак мөөнөткө кетебиз. Мына ошондо туулуп өскөн жерибизди сагынып анан жаныбызда болгон демээде эч угуп көрбөгөн өзүбүздүн кыргызча ырларыбызды же болбосо эмне болсо да укканга кыргызча бир нерсе издеп, карап, сыйпалап таппай да калабыз. Ошондо отуруп алып эстеп ойлонобуз баягы биздин Радиолорду, телеберүүлөрдү.

Чет мамлекеттердин көпчүлүгүндө интернетке оңой жана ылдам чыга алгандыгыбызга байланыштуу интернеттен радио уккубуз да келет. Бирок тилекке каршы азырынча интернеттен угууга мүмкүнчүлүк берген биздин кыргызстандык радиолорубуз өтө эле аз. Мен билгендерден саналуу гана: Миң Кыял, Кыргызстан обондору, Санжыра радиосу жана Хит Fm гана бар. Буларды угуу үчүн интернет баракчаларына киришиңиз керек болот.

Эми бул радиолорду угуу үчүн ар дайым сайтына кирип же болбосо башка баракчага өтүп кетсеңиз радио өчүп калып убара болбош үчүн сиздерге онлайн радио угуунун дагы бир ыкмасын сунуштайм.
Баарынан мурун сизде радио уктуруу мүмкүнчүлүгүн камтыган "Медиа плээр" болушу керек. Жок болсо мисалы "AIMP3-RC1" деген медиа плээрди колдонсоңуз болот. Аны бул жерден Archived 2011-12-30 at the Wayback Machine көчүрүп алып, жүктөңүз.

Эми кадамдап кантип радио угууга шарт түүзүнү төмөндө көрүңүздөр:
1) Плээрдин опциясына кирип, "Utils" андан кийин --> "Internet Radio Browser" дегенди басыңыз. (үлгү сүрөттөрүн жүктөп коеюн десем укугум жок экен)
2) Ачылган терезеге мышкаңыздын оң баскычын басып "New Item ins" дегенди басасыз.
3) Кийинки ачылган кичи терезечедеги "URL" деген дерге радиоңуздун шилтемесин (шилтемелер үчүн 4чү бөлүктү окуңуз) жасасыз да Окэйди бассаңыз мурунку терезедеги тизмеге келип кошулат. Аны белгилеп туруп төмөн жагындагы "Add to Playlist" дегенди бассаңыз радиоңуздун шилтемеси медиа плээрдин ичине келип түшүп сакталып калат. Анан ал жактан оңой эле кадимки мп3 ырларды ойноткондой эле каалаганыңызда басып ойнотуп уга берсеңиздер болот.
4)Радиолордун плээрде угуу үчүн атайын шилтемелери болот. Алар төмөнкүдөй:

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]