Интерпретация

Википедия дан

Интерпретация (латын тилинен келген interpretatio – чечмелөө, түшүндүрүү) – математикалык логикада, философияда жана илимдин методологиясында кандайдыр бир теориядагы элементтерге (формулаларга, символдорго, сүйлөмдөргө жана башка) берилген маани-маңыздардын, чечмелөөлөрдүн жана түшүндүрүүлөрдүн жыйындысы; герменевтикада Интерпретация деп тексттерди чечмелөө, алардын маани-маңызын аныктоо же калыбына келтирүү түшүндүрүлөт. Диний ыйык китептерге, ошондой эле байыркы грек философторунун чыгармаларына баяндама, түшүндүрмө берүүнүн доору болуп саналган орто кылымдарда Интерпретациялоо өнөрү калыптанган жана өнүккөн. 20-кылымдын экинчи жарымынан тартып герменевтика теориясына Интерпретацияга карата структуралык-семиотикалык жоболор каршы чыккан. Эгер герменевтика текстти реалдуу же потенциалдуу окурманга карата маалымат катары Интерпретацияласа, структурализм текстти андагы маани-маңыздык элементтердин структуралык шайкештигин анализге тартуунун негизинде Интерпретациялайт. Интерпретацияга карата герменевтикалык жана структуралисттик жоболорду бириктирүүгө карата аракеттер Рикер тарабынан жасалган. Рикердин пикири боюнча тексттин маани-маңызын анын структурасын анализдебей туруп түшүнүү мүмкүн эмес, ошол эле учурда герменевтикалык түшүн-дүрмөсүз структуралык анализ жүргүзүүгө болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]