Инфильтрат

Википедия дан
Сол жакта, инфилтрация туберкулез учурунда

Инфильтраторганизмдин айрым ткандарында ага мүнөздүү эмес клетка элементтеринин жана кан менен лимфанын жыйылышынан анын көлөмүнүн чоңоюп катууланышы.

Көбүнчө сезгенүү жана шишик Инфильтраты кездешет. Сезгенүү Инфильтраты лейкоцит (ириңдүү Инфильтрат), эритроцит (геморрагиялык Инфильтрат); лимфа жана плазма клеткаларынан турат. Ал кээ бир дарттын жана жарааттардын кабылдашынан, хирургиялык операциядан кийин, ошондой эле чыйкан, көбүргөн, лимфаденит, остеомиелит жана башкалардын белгилери катары пайда болот. Шишик Инфильтраты табияттагы түрдүү шишик (рак, саркома) клеткаларынан турат. Инфильтрат пайда болууда ткандын түсү өзгөрүп, чоңоёт, катууланып ооруйт. Хирургиялык практикада анестезиялоочу (оорутпоочу) эритмени тканга куйганда анын катууланышы да Инфильтрат деп аталат. Дарылоону дарыгер-хирург жүргүзөт.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8