Ирак

Википедия дан

Ирак, Ирак Республикасы (АльЖумхурия аль-Иракия) – Түштүк-Батыш Азиядагы мамлекет, Месопотамияда. Түндүгүнөн Түркия, чыгышынан Иран, батышынан Иордания жана Сирия, түштүгүнөн жана түштүк-батышынан Сауд Арабиясы, түштүк-чыгышынан Кувейт, батышынан Иордания менен чектешет; түштүк-чыгышын Перс булуңу чулгайт.

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты 435 миң км2; Ирактын курамына Ирак менен Сауд Арабиясынын ортосундагы бейтарап аймактын 3,5 миң км2 жери кирет. Калкы 34,8 млн (2008). Борбору Багдад. Расмий тили араб жана күрд тилдери. Акча бирдиги Ирак динары. Административдик-аймактык жактан 18 мухафазага бөлүнөт. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) Ирак БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК; 1960), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945); Ислам конференциясы уюмунун (1975) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ирак – федерациялык мамлекет. Башкаруу формасы парламенттик республика. Конституциясы 2005-ж. Кабыл алынган. Мамлекет башчысы президент (4 жылдык мөөнөткө парламенттин төмөнкү палатасы тарабынан шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлиги эки палаталуу парламентке (Өкүлдөр кеңеши жана Кеңештер союзу) таандык. Мыйзам чыгаруу бийлиги премьер-министр башында турган Министрлер кеңеши тарабынан ишке ашырылат. Жергиликтүү башкарууну мухафазаларда губернаторлор жүргүзөт. Сот системасы адат, диний (шарият) жана атайын (революциялык) соттордон турат. Конституциясы исламды мамлекеттин расмий дини жана мыйзамдуулуктун негизги булагы катары жарыялаган. Конституция боюнча исламдын негизги нормаларына каршы келген бир да мыйзам кабыл алынбайт. Саясий партиялары: Ирак Ислам революциясынын жогорку кеңеши, «Ислам чакырыгы» («Даава»), Араб социалдык кайра жаралуу партиясы, Ирак коммунисттик партиясы, Күрдстан демократиялык партиясы жана башкалар

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн Месопотамия ойдуңу ээлейт. Түндүк-батышында Жезире платосу, батышында Сирия чөлүнүн анча бийик эмес бөксө тоосу жайгашкан. Түндүгүндө жана түндүк-чыгышында Армян, Иран тайпак тоолорунун (бийиктиги 3598 мге чейин, Иран менен чектешкен жерде) тармактары жатат. Климаты түндүк бөлүгүндө субтропиктик континенттик. Мосулда январдын орто температурасы 7°С, июлдуку 34°С, түштүгүндө жайкысын 50°Сге чейин ысыйт. Өлкөнүн түштүк бөлүгүндө тропиктик континенттик; январдын орто температурасы 12°С, августтуку 34°С, эң ысыганда 48°Сге чейин (Басрада) жетет. Жылдык жаан-чачыны тоолуу аймагында 500-1500 мм, түштүк-чыгышында 50-150 мм. Жаан-чачындын басымдуу бөлүгү декабрдан апрелге чейин жаайт. Өлкөнүн түштүгүндө чаңдуу бороон болуп турат. Негизги дарыялары: Евфрат менен Тигр (төмөнкү агымдарында кошулуп Шатт-эль-Араб дарыясын түзөт). Өлкөнүн чөлдүү жерлеринде вади (мезгил-мезгили менен суу аккан нуктар) көп. Жарым чөл жана талаа, түштүгү менен батышында чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Дарыя бойлорунда галерея токою, курма пальмасы өсөт. Токой Ирактын аймагынын 20% ин ээлейт. Ирак кен байлыктарга бай; андан ичкери нефтинин, газдын, битумдун жана асфальттын запасы мол. Нефтинин ири запастары Киркук менен Ханакиндин тегерегинде, Басранын түштүгүндө, Мосулга жакын жайгашкан.

Күрөң көмүр (Киркук, Заху айланасында, Хамрин тоосунда), кайнатма туз (Багдадга жакын), темир (Сулайман тоосунда), жез, күкүрт, битум (Мосулга жакын), курулуш материалдарынын (мрамор, акиташ, кварцтуу кум, доломит, гипс, чопо жана башкалар) кендери арбын. Ошондой эле күмүш, коргошун, цинк, хром, марганец, урандын кендери да табылган. Месопотамиянын суу-саздак ландшафты ирак камыш короолулары жана бадалча таркылдагы (Ирак эндемиги) уялоочу, ошондой эле сууда сүзүүчү көптөгөн сейрек учуроочу куштар кыштоочу дүйнөдөгү жалгыз аймак. Орнитофаунанын курамына куштардын 400гө жакын түрү кирет, анын 170тен ашык түрү уялоочу куштар. Алардын көбү 20-кылымдын ортосунда жерди кургатуу иш-чараларынан, ошондой эле согуштан жапа тарткан. Итагы коргоого алынган 8 аймак 541 га жерди ээлейт. Орнитофаунанын өтө ар түрдүүлүгүн коргоодо Месопотамиянын ландшафтынын баалуулугун эске алып, Куштарды коргоо боюнча эл аралык союз Ирактын аймагында эл аралык маанидеги 42 негизги орнитол. аймакты белгилеген.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ирактын калкынын басымдуу бөлүгүн (71,3%) араб-ирандыктар түзөт. Өлкөнүн түндүк-чыгышында күрддөр (14%тейи), түндүгүндө езиддер (2%), ассириялыктар (1,2%) жашайт, өлкө калкынын 5,3%и азербайжандар; ошондой эле египеттик арабдар, палестиналыктар, фарстар, түркмөндөр жана башкалар жашайт. Мамлекеттик дини ислам (калктын 97%и). Калктын табигый өсүүсү 2,6% (2007); төрөлүү (1000 адамга 31,4 бала туура келет) өлүм-житимден (5,3) дээрлик 6 эсе ашык. 15ке чейинки балдар калктын 39,4%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар (15-64) 57,6%ин, 65 жаштан ашкандар 3%ин түзөт. Өмүрдүн күтүлгөн орто узундугу 69,3 (эркектердики 68, аялдардыкы 70,6). Орто жыштыгы: 1 км2 жерге 80,2 адам туура келет; калктын көбү Тигр, Евфрат, Шаттэль-Араб дарыясынын өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде отурукташкан. Шаар калкы 67% (2005). Ири шаарлары (2008): Багдад (калкы 6432 миң, шаар айланасы менен 10 634 миң), Мосул (2595 миң), Басра (1862 миң, шаар айланасы менен 3803 миң), Эрбиль (1628 миң), Сулеймания (1201 миң), Киркук (676 миң), Эн-Нажаф (615 миң).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы Ирак (Кош өзөн же Месопотамия) цивилизациянын эң эзелки очогунун бири. Байыркы убакта анда Шумер жана Аккад кул ээлик шаар-мамлекеттери, Вавилония, Ассирия жана башкалар пайда болгон. Биздин замандын 3-кылымынан Сасаниддерге, 7-кылымдан арабдарга караган. 16-кылымдан 1-дүйнөлүк согуш (1914-18) бүткөнчө Осмон империясынын карамагында болгон. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында нефть табылгандыктан, өлкө мамлекеттер арасында талаш аймакка айланып, 1дүйнөлүк согуш учурунда аны англ. аскерлер басып алат. 1921-ж. Улуу Британияга көз каранды Ирак королдугу түзүлгөн. Иракта боштондук кыймылы күч алып, натыйжада 1930-ж. Ирак менен Улуу Британиянын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча формалдуу түрдө болсо да, Ирак көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланат. Иш жүзүндө Улуу Британия өлкөдө стратегиялык, экономикалык жана маанилүү саясий өңүттөрүн сактап калат. 1958-ж. февралда Ирак Иордания менен Араб союзу федерациясын түзгөн, бирок 1958-ж. 14-июлда аскердик төңкөрүштөн соң, король өлтүрүлүп, монархия кулаган. Ошол эле жылдын 15-июлунда Ирак республика деп жарыяланып, англиялык согуштук базалар жоюлуп, социалдык-экономикалык реформалар жүргүзүлө баштаган. Өлкө бир нече ирет мамлекеттик төңкөрүштү башынан өткөргөн. 1979-жылдын аяк ченинде Иран менен мамилелердин курчушу, 1980-88-жылдардагы Иран-Ирак согушунун чыгышына өбөлгө түзгөн. 1988-ж. эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган. 1990-ж. 28-августта Ирак Кувейтти өзүнүн 19-провинциясы деп жарыялап, күч менен басып алган. 1991-ж. январь-февралда АКШ жана анын союздаштары жүргүзгөн «Чөлдөгү бороон» операциясынын натыйжасында Ирак Кувейттен чыгарылган. Ушул эле жылы БУУнун чечими менен Иракка каршы соода-экономикалык санкция кабыл алынып, Иракка блокада жарыяланган. 2000-ж. Саддам Хусейн БУУ менен мамилесин бузуп, Ирактан эл аралык инспекторлорду чыгарып жиберген. 2003-ж. март айында АКШ менен Улуу Британия Иракка каршы согуштук аракеттерди жүргүзүп («Ирактын эркиндиги» операциясы), өлкөнүн аймагын борбор калаасы менен бирге ээлеп алган. Иракты башкаруу үчүн убактылуу коалициялык бийлик түзүлгөн. 2004-ж. бийликтин Ирактын Убактылуу өкмөтүнө формалдуу түрдө өткөрүп берилиши, Саддам Хусейндин өлүм жазасына тартылышы өлкөдө шиит, суннит жана күрддөрдүн ортосунда карама-каршылыктарды ого бетер күчөткөн.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ирактын экономикасынын негизин нефть казып алуу жана аны иштетүү түзөт. Анын запасы боюнча (дүйнөлүк запастын 11%и) Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда. Нефть 1979-ж. эң көп (175 млн т) казылып алынган. Иран-Ирак согушу башталганга чейин нефтини экспорттоодон түшкөн киреше жылына 21-26 млрд долларга жеткен. 1958-жылдан кийин агр. реформа жүргүзүлүп (жер ээликтерге чек коюлган, калгандарын мамлекет сатып алган), банк, камсыздоо коомдору, ири өнөр жай жана соода ишканалары мамлекеттештирилип, мамлекеттик сектор түзүлгөн (андан ичкери Ирак улуттук нефть компаниясы, 1964). Ирактагы согуш жана 12 жылга созулган эл аралык санкция өлкөнүн социалдык-экономикалык инфраструктурасына өтө зор терс таасирин тийгизди. Өнөр жай дээрлик кыйраган, айыл чарба жана тейлөө чөйрөсү көп залал тарткан. 2006-ж. ИДП 50,7 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 2,9 миң доллардан туура келет. ИДПдеги өнөр жайынын үлүшү 66,6%, тейлөө чөйрөсүнүкү 26,1% , айыл чарбаныкы 7,3% . Суткасына 2,13 млн баррель нефть казып алынат. Иштетилүүчү кендеринин негизгилери өлкөнүн түндүгүндө (Киркук, Мосул) жана түштүк-чыгышында (Эз-Зубайр, Эр-Румайла, Нафт-Хан аймактарында) жайгашкан. Нефть ажыратуучу 8 завод, нефть-химия өнөр жай ишканалары иштейт. 2006-ж. 1,75 млн м3 табигый газ, 34,6 млрд кВт-с электр энергиясы (анын 98%и ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Цемент, машина куруу (андан ичкери аккумулятор, желдеткич, кондиционер, транспорт жабдуулары да бар), тамак-аш алкаголсуз ичимдиктер, кант жана башкалар), текстиль, булгаары, тамеки, кагаз өнөр жай тармактары өнүккөн; ошондой эле фосфорит, уран, күкүрт, таш, туз өндүрүлөт. Индустриялык ири объектилеринин көбү Багдад, Басра, Мосул шаарынын чегинде жайгашкан. Дыйканчылыкка жарамдуу жери өлкөнүн аймагынын 27%ке жакынын түзөт, анын 1/2и сугатка муктаж. 1980-жылдарга карата азыктүлүккө болгон муктаждыгын өзү толук камсыз кылган; 1990-жылдардан баштап айыл чарба өндүрүшү туруктуу кыскара баштап, 21-кылымдын башталышынан өлкөнүн азык түлүккө болгон муктаждыгынын жарымына жакыны импорттон толукталат. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: арпа, буудай, ошондой эле шалы, жүгөрү, гозо, таруу, ак жүгөрү, арпа өстүрүлөт. Жашылчачылык (томат, бадыраң, пияз, баклажан, бамия, ашкабак жана башкалар), бакчачылык (дарбыз, коон), бакчылык (цитрус өсүмдүктөрү, алма) жана жүзүмчүлүк өнүккөн. 1980-жылдарга чейин Ирак дүйнөгө курма экспорттоочу негизги өлкө болгон; курма пальмасы негизинен өлкөнүн түштүгүндө өстүрүлөт. Мал чарбасы негизинен тоолуу аймактарда жана батышындагы жарым чөлдөрдө өнүккөн; анда бодо мал, кой, эчки, буйвол, төө асыралат. Тейлөө чөйрөсүнө Борбордук банк, 7 мамлекеттик коммерциялык, 19 менчик жана 6 эл аралык банк, коопсуздуктун камсыз кылуу кызматы кирет. 2003-жылдан кийин туризм дээрлик жок болду. Майда чекене соода ыкчам өнүгүүдө. Ирактын транспорт тармагы согуштан улам өтө бузулган. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 45,5 миң км (андан ичкери 38,8 миң кми асфальтталган, 1999); Негизги автомобиль жолдору: Иорданиянын чек арасы Багдад Басра жана Багдадды өлкөнүн бардык шаарлары менен туташтырган шоссе. Темир жолунун узундугу 2272 км (2006); негизги темир жолудору: Багдад-Басра-Умм-Каср, Багдад-Мосул-Сирия, Багдад-Эр-Рамади-Эль-Каим, ЭльКаим-Акшат, Киркук-Байжи-Эль-Хадита. 6 деңиз порту бар, алардын эң ирилери: Умм-Каср, Басра, Эз-Зубайр. Нефть куюучу 2 терминалы бар. Деңиз соода флотунун 13 кемеси бар. Ирактын аймагындагы Киркук (түндүгүндө) жана Эль-Румайла (түштүк-чыгышында) нефть промыселдеринен нефтини пайдалануучу жана иштетүүчү жерлерге, Перс булуңунун портторуна нефть куурлары жүргүзүлгөн. Нефть куурларынын жалпы узундугу 5,5 миң км, нефть продукту куурунуку 1,6 миң км, газ куурунуку 2,2 миң км (2006). Сауд Арабиясы, Түркия, Сирия жана Ливандын аймактары аркылуу өткөн куур менен Ирак нефтисин Кызыл жана Жер Ортолук деңиз портторуна жеткирип, сырткы рынокко чыгарууга болот. Ички суу жолдорунун узундугу 5279 м; Шатт-эль-Араб, Евфрат жана Тигр (Багдадга чейин) дарыясында кеме жүрөт. Басра жана Багдад шаарында эл аралык, Мосул, Киркук жана Эрбиль шаарында ири аэропорттор бар. Негизинен нефть, ошондой эле курма, булгаары сырьёлору, жүн экспорттолуп, сырттан азык-түлүк, отун, дары-дармек, өнөр жай товарларын алат. Негизги соода шериктери: АКШ, Сирия, Түркия, Италия, Иордания, Канада, Испания.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калктын 80%ке жакыны билимдүү. 1959-ж. милдеттүү башталгыч билим берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынып, анда балабакчадан тартып, мектепти аяктаганга чейин мамлекет тарабынан акысыз билим алуу каралган. Окутуу араб тилинде, ал эми айрым түндүк аймактарында күрд тилинде жүргүзүлөт. Иракта алты университет (анын үчөө Багдадда, ошондой эле Басра, Мосул, Эрбиль шаарында), институттар, коллеждер, техникалык институттар бар. Аларда 70 миңдей студент билим алууда. Багдаддагы Ирак музейи сейрек кездешүүчү археологиялык коллекциялары менен белгилүү. Музейге таандык ири китепканасы менен ал археологиялык, тарыхый изилдөөлөр жүргүзүлө турган илимий борбор болуп эсептелет. Байыркы араб музейи, көркөм сүрөт, этнографиялык жана табият-тарых жана башкалар музейлери, бардык ири калааларында, айыл-кыштактарында китепканалар бар. Иракта 2005-ж. араб, күрд жана башкалар тилдерде 100дөй мезгилдүү басылмалар чыккан, андан ичкери кеңири белгилүү борбордук гезиттер: өкмөттүк гезит жумасына чыгуучу «Ас-Сабах», көз каранды эмес гезиттер «Аз-затур», «Аль-Фурат» жана башкалар, ошондой эле партиялардын, жарандык саясий уюмдардын гезиттери жарык көрөт. 1959-ж. Ирак маалымат агенттиги негизделген. Радио уктурууну 50дөн ашык радиостанция (2005) араб, күрд, ассирия жана түркмөн тилдеринде жүргүзөт. Телекөрсөтүү иши 1956-ж. башталган. 2005-ж. 23 телекөрсөтүү станциясы иштеп, берүүлөр араб, фарсы, түркмөн, ассирия тилдеринде жүзөгө ашырылган. Спутниктик жана кабелдик телекөрсөтүү өнүгүүдө. Багдад шаары араб маданияты менен илиминин очогу жана Халифаттын борбору болгондуктан, орто кылымдагы араб маданияты тез өнүккөн (кыскасы Араб маданияты). 19-20-кылымда адабият негизинен поэзия (Абд аль-Мухсин аль-Казими, 1865-1935; Жемаль Убейдадагы храмдын Имдугуд кушунун сүрөтү түшүрүлгөн жез рельефи. Биздин заманга чейинки 2600-2400-ж. ч. Британ музейи. Спдкп аз-Захави, 1863-1936 жана башкалар) жаатында өнүккөн. 1920-30-жылдарда публицистика, анан көркөм проза (Махмуд Ахмед ас-Сайпд, Зу-н-Нун Айюбдун аңгемелери, Сафар аль-Халилинин повесттери) пайда болгон. 50-жылдардын ортосунда роман жанры калыптанат. Иракта ошондой эле күрд тилиндеги адабият да өнүгүүдө. Ирак аймагына искусство неолитте пайда боло баштап, биздин заманга чейинки 4-1 миң жылдыктарда биринен сала бири Шумер, Аккад, Вавплонпя, Ассирия мадты калыптанып, биздин заманга чейинки 1-кылымдан биздин замандын 3-к-нын башына чейин Парфпялыктардын көркөм маданий очоктору гүлдөсө, 4-кылымдан 7-кылымдын биринчи жарымына чейин Сасаниддер мезгилинде байыркы Ирак маданияты Месопотамия искусствосу менен бирдикте өнүккөн. Араб халифаты мезгилинде Ирак пслам искусствосунун маанилүү очокторунан болгон. Орто кылымдагы Ирак архитектурасына кумпалар, бпйпк порталдар, курулушта композициянын тактыгы, дубалга оюм-чийим салуу, кыш кыноо аркылуу кооздоо мүнөздүү. Багдад менен Түндүк И-та китеп миниатюрасы (12-13-к.) өнүккөн. Көркөм карапа, токуучулук, айнек жана металлдан кооз буюмдарды жасоо кеңири тараган. 20-кылымдан заманбап архитектура менен көркөм сүрөт өнөрү өнүгө баштаган. Ирактын музыкалык маданияты тегпнде араб цпвплпзацпясы менен тыгыз байланыштуу. Ирактын музыкалык мадты өлкөнүн араб жана араб эмес калкынын салттарын бириктирет. Заманбап Ирак музыкасы европалык музыканын үлгүлөрү менен айкалышкан. 2003-жылдан кийин көп музыкалык жамааттар ишмердигин токтоткон. Багдадда Улуттук симфониялык оркестр (1948-жылдан Багдад филармониялык оркестри, 1959-жылдан азыркы аталышында) иштейт. 5-6-кылымдан кыдырып оюн көрсөтүүчү актёрлор болгон. 20-кылымдын 20-жылдарынын аяк ченинде алгачкы театр коллективдери, 20-кылымдын ортосунда Багдадда профессионал труппалар пайда болгон. 1952-ж. биринчи улуттук театр заманбап көркөм театр (1968-жылдан Улуттук театр) негпзделген. Бир нече театр бар. Кино өндүрүшү Иракта анчалык өнүккөн эмес, жылына бир гана толук метраждуу фильм коюлат. Көбүнесе египет, индия, америкалык, италиялык фильмдерди көрүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]