Иран-ирак согушу

Википедия дан
Иран-ирак согушу.
Иран-ирак согушу - 1980-ж. 22-сентябрда - Тегеран

Иран-ирак согушу (1980-88) – Персия булуңунун чөлкөмүндө, ошондой эле ислам дүйнөсүндө жетектөөчүлүк үчүн Ирак менен Ирандын ортосундагы күрөштөн улам келип чыккан согуш. Согуштун башталышына Шатт-эль-Араб (персче Арвандруд) дарыясынын чөлкөмүнө эки тараптын тең эзелтен келаткан өз ара дооматтары шылтоо болгон. 1980-ж. 22-сентябрда Ирак башчысы С. Хусейн чек ара маселесин шылтоолоп, Иранга каршы согуш жарыялаган. Согуш узакка созулган. 1981-жылдан Иран күчүнө кирип, Ирак аймактарын басып алган, бирок толугу менен өзүнө карата алган эмес. Иракка СССР менен Франция, Иранга негизинен АКШ жана Израиль өлкөлөрү колдоо көрсөтүшкөн. 1988-ж. 20-августта Иран-Ирак жарашуу келишимине кол коюлган. Эки тарап тең согуштан зор экономикалык зыян тарткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]