Исак Стамкулов

Википедия дан
Исак стамкулов‎»‎ барагынан багытталды)
Стамкулов Исак


Исак Стамкулов - 1928-жылы 19-август айында Аксы районунда (мурунку Жаңы-Жол) Тегирмен-Сай айылында туулган. Атасы Стамкул убагында айылда куйма кулак эл ырчысы төкмө болгон. Апасы Суурма Жамакчы сөзмөр болгон. Ошол мезгилде казак ырчысы менен айтышып,
Келин келди дегенде келин келди.
Эки тишин орсойтуп бул да келди, - деп айтышкан күндөр болгон. Ошондон улам атасын тартып, комузчу, ырчы болуп элге таанылган. Үч бир тууган. Эки уул бир кыз болгон. Бир тууган агасы Асан Стамкулов 1941-43-жылдардагы согуштун ветераны болгон. Өмүрүнүн акырына чейин Аксы районунда жетекчилик кызматтарда иштеп, Кербен шаарында Асан Стамкулов көчөсү ыйгарылган. Карындашы Стамкулова Байскан Кош-Дөбө айылында 12 уул кызды тарбиялап баатыр эне. Жубайы Стамкулова Саткын менен Жалал-Абад областындагы 2 жылдык Пединститутунун Физика-математика окуу жайын аяктаган. Алты кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Чыгармачылыкка 1950-жылдары кайрылып, ошол мезгилде Жунай Мавлянов, Темир Үмүталиев, Токтосун Тыныбековдор менен үй-бүлөлүк байланышта болуп, биринчи жолу Жунай Мавляновдун сөзүнө жазылган «Мен сүйүүдөн ачкамын» деген обон жараткан. Азыркы мезгилде Кыргыз радиосунун Алтын фондусунда Жапар Чабалдаевдин аткаруусунда ырдалып жүрөт. 1951-жылдары «Айылдаштар» деген интермедиясы китеп болуп чыгып Нарын областынын Нарын Драм театрынын артистери аткарып жүргөн. 1965-жылдары коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев диссертациясын жактаган мезгилде бирге барып, Үч айлык иллюзия (көз боңмочулук) сертификатын алган. Кийин мектепте мугалим болуп эмгектенип жүрсө да, чыгармачылыгын үзбөй кээде мугалимдерди тамашалап, оозунан, мурдунан сөлкөбайды чыгарып көз боемочулук менен элдерди таң калтырып келген. Кара сөздү как жарган, ачык бетке айткан, ачуу чындыкты сүйлөгөн, шайыр адам эле. Бир окуясынан эскерели: Бир кишинин бети чаар, бир киши мас, бир киши чачы жок, бир кишинин бою кичинекей, бир киши соо болуп ээрчишип келе жатышса, тамашага салып:
Бириң соода да бириң мас,
Бириң чаар да бириң таз.
Бириң узун, бириң пас. - болуп кайдан келатасыңар деп, чукугандай сөз тапкан күндөрү да болгон экен. Балдар кыздарына бирөөнү шылдыңдабагыла, бирөөгө ат коюп сүйлөбөгүлө калп айтпагыла, уурулук кылып оокат кылбагыла, ак эмгек менен гана жашагыла, улууну урматтоону, кичүүнү ызаттоону унутпагыла. Алдыңарда кандай күндөр турганын бир кудай билет. Алты кызым алты шаарым болсо, борбору Урматбегим деп көп айтаар эле. Баардыгыңар ушул Урматбекке келип сыйыңарды көрүп кетесиңер деп тамакка олтурган сайын эскертчү. Ошентип 1977-жылы 3-августта бул жүйнө менен коштошту. Ошол жылы Маданият гезитине Жунай Мавляновдун «Кош бол Исак» деген макаласы жарык көрдү. Арадан 19 жыл өткөндөн кийин. Экинчи өмүрү жарык көрүп, Кыргыз радиосунун Алтын фондусунан «Ашууда», «Жүзүңө күлкүң жарашып», «Мен сүйүүдөн ачкамын» деген чыгармалары кайрадан жаңырып турду. Кыздары Бурул (Булбул), Гүлчач Самкуловалар «Мурас» кыргыз телерадиодон байма бай чыгып турушту. Кыргыз радиосунда Жапар Чабалдаевдин Дүйшөнбек Үкүевдин аткаруусунда ырдалып жүрсө, кийинки мезгилде кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаевдин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Мадиеванын аткаруусунда жана жаш ырчылардан Айпери Кулбаеванын, Болот Тасмаевдин, Бурул Дүйшееванын аткаруусунда ырдалып жүрөт.
Исак Стамкуловдун кыздар балдары:

  1. Мария, Авлетим лесхозунда эсепчи
  2. Фарида, Жалал-Абад шаарындагы В.И.Глинка атындагы музыкалык мектепте мугалим
  3. Гүлбайра, Жалал-Абад курортунда жеке ишкер
  4. Уулбу, Кара-Суу райондук Балдардын чыгармачылык борборунун директорунун орун басары
  5. Бурул (Булбул), «Эрайым», АКБнин (Германия менен биргеликте) комуз ийриминин жетекчиси
  6. Гүлчач, Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев гимназия мектебинде соцпедагог
  7. уулу Урмат, жеке ишкер

Жубайы Стамкулова Саткын эмгектин ардагери 87 жашта. Уулу Урматбек үч уул бир кыз неберелери менен Аксы районунда Авлетим айылында жашашат. Авлетим айылынын көчөсүнө Исак Стамкуловдун аты ыйгарылган.