Исмаил Исаков

Википедия дан
Исаков, Исмаил Исакович‎»‎ барагынан багытталды)
Исмаил Исаков (2007).

Исмаил Исакович Исаков Ismail Isakovich Isakov) – Кыргызстандын мурдагы коргоо министри (2005-жылдын 26-майынан – министрдин милдетин аткаруучу, 2005-жылдын сентябрынан – 2008-жылдын 26-майына чейин - министр), мурдагы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы (2008-жылдын 10-октябрына чейин), генерал. Коомдук ишмер. Мурдагы жана азыркы Жогорку Кеңештин депутаты.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1950-жылы 11-июнда туулган. Атасы Исак Кыргызстандын Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылынан болот. 2008-жылдын 10-октябрынан тартып расмий Бийликке каршы оппозиция тарапка өткөн.

2010-жылы 11-январда Бишкек шаардык гарнизондук соту тарабынан 8 жылга абакка кесилген. Анын генерал-лейтенант даражасы ушул сот тарабынан алынып ташталган.

Ал бул өкүмдү саясий буюртма катары сынга алып, өзүнө коюлган доолорду четке какты жана жогорку сот бийлигине кайрылды.

Анын уулу Руслан Исаков да кыргыз армиясынын офицери болчу. 2010-жылкы ыңкылаптын алдында Руслан АКШда саясий бозгун катары баш пааналады.

Исмаил Исаков АКШ жана башка Батыш шериктеринин Ооганстандагы эл аралык террорчулукка каршы күчтөрүнүн аскер базасын Бишкектин жанындагы “Манас” аба майданында жайгаштырууну ырааттуу колдоп келген.

2010-жылдын апрелиндеги элдик ыңкылап күнү ал боштондукка чыкты.

Сот тарабынан акталды.

Кыргызстандын Убактылуу өкмөндө Коргоо министринин милдетин аткарды (2010-жыл).

Учурда – парламент депутаты.

Интернеттеги шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]