Исаков, Исабек

Википедия дан
Исаков Исабек‎»‎ барагынан багытталды)

Исаков, Исабек - акын, жазуучу, журналист. Кочкор районундагы «Теңдик» совхозунда 1933-жылы 1-сентябрда туулган.

1952-жылы Кыргызстан Мамлекеттик мугалимдер институтун бүтүрөт. 1952-жылдан «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, андан кийин адабият жана искусство, мектептер жана пионерлер бөлүмдөрүнүн башчысы, 1959-1967-ж. жооптуу катчы болуп иштейт. 1958-жылы Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтунун сырттан окуу бөлүмүнүн тил жана адабият факультетин ийгиликтүү бүтүрөт.

И.Исаков 1967-жылы жаңыдан уюштурулган «Кыргызстан маданияты» жумалыгына жооптуу катчы катары чакырылып, 1971-жылга чейин иштейт. 1971–1973-жж. жумалыктын башкы редакторунун орунбасары, 1973-1985-жж. башкы редактор, 1985–1987-жж. «Ала-Too» журналында бөлүмдүн редактору болуп кызмат өтөйт.

Исабек Исаковдун жаш жеткинчектерге арналган биринчи ырлар жыйнагы «Ороз менен короз» 1959-жылы, ал эми «Турсундун тамашасы» аттуу алгачкы аңгемелер жыйнагы 1960-жылы жарык көргөн.

Балдарга арналган чыгармалары орус, украин, казак, өзбек, эстон, азербайжан, каракалпак ж.б. тилдерге которулган. Акындын жүздөн ашуун ырларына музыка жазылган.

И.Исаков көркөм котормо жаатында да үзүрлүү эмгектенип, М.Исаковский, С.Стальский, К.Салыков В.Шкода, Тофик Махмуд, С.Саргаскаев, Музафар Алимбаев, Борис Пак, Ильяс Тапдыг, А.Филатов, А.Дүйсембиев, С.Жиенбаев, Р.Гамзатов, А.Жамишев ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Конкурстук чыгармалары, ырлары, очерктери, поэмалары дипломдук сыйлыктарга ээ болуп, лауреаттыкты жеңип алган.

И.Исаков журналист катары көптөгөн очерктерди, публицистикалык макалаларды жазган.

1963-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1959-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү. Ошондой эле Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын жана президиумунун мүчөсү, Кыргыз ССР Журналисттер союзунун пленум мүчөсү болуп келген.

Ал «Эл агартуунун отличниги» жана «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамынын ээси.

Исабек Исаковдун көп жылдык үзүрлүү эмгеги жогору бааланып эки жолу республиканын Жогорку Советинин Ардак Грамотасына татыктуу болгон.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ороз менен Короз: Поэмалар ырлар. – Ф.: Мектеп, 1959. – 122 б.

Турсундун тамашасы: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1960. – 139 б.

Айга учам: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1961. – 166 б.

Тоо достору: Очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1962. – 20 б.

Тууган жер ыры: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1963. – 162 б.

Достук: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1963. – 60 б.

Учкул канат: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 108 б.

Күн менен сүйлөшүү: Поэма, ырлар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 144 б.

Бала кыялы: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1968. – 170 б.

Бардыгын билгиси келген бала: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1971. – 28 б.

Өмүр сапары: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 104 б.

Дыйкан жазы: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 73 б.

Жол нурлары: Повесттер, очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 208 б.

Мекен мөмөлөрү: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 120 б.

Алтын балалык: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 290 б.

Ата-Журт толкундары: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 238 б.

Too ыры: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 128 б.

Күн жарыгы: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Адабият, 1990. – 140 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Любознательный мальчик: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1971. – 28 с.

Песня о земле: Стихи, поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 108 с.

Путь жизни: Стихи, поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 112 с.

Светлый путь: Повести, рассказ. – Каракалпакстан, Нукус, 1983.

Дорога жизни: Стихи, поэмы. – М.: Сов.писатель, 1984. – 70 с.

Юные годы: Повести, рассказы. – Ф.: Мектеп, 1985. – 167 с.

Песнь о земле: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 104 с.

Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Качели: Стихи. – Алма-Ата: Жалын. – 1979. – 70 с. – казак.

Любознательный мальчик: Стихи. – Баку. – 26 с. – азерб.

Любознательный мальчик: Стихи. – Ашхабад. – 20 с. – түркмөн.

Балдар ырлары. – Таллин. – эстон.

Жол нурлары: Повести рассказы, очерки. – Нукус. 1983. – 171 с. – каракалпак.

Тоо кызгалдактары: Стихи. – Литва: Витурист, 1985. –35 с. – литва.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ануарбек Дүйсенбиев. Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 103 б.

Какинбек Салыков. Кутмандуу Күндөр: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1981.

Расул Гамзатов. Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983.

Борис Пак. Көгүлтүр капка: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 40 б.

Исаковский М. Ырлар, поэмалар. –Ф., 1985.

Шкода В. Ырлар, поэмалар. –Ф., 1986.

Ильяс Тапдыг. Тайлак: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 20 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]