Итий

Wikipedia дан
Итий менен ооруган баланын омуртка тутумунун кыйшайышы.
Итийдин оор түрү менен жабыркаган бала. Буттары X сымал кыйшайган.

Итийорганизмде Д витамини жетишпегенде фосфор-кальций алмашуунун бузулуусунан болгон оору. Көбүнчө 2—3 айдан 2 — 3 жашка чейинки балдар ооруйт.

Итийге демейде ара төрөлгөн, начар, тежемел багылган балдар учурайт. Бала туура эмес тамактандырылса, начар багылса, таза абада жана күндө аз болсо Итий болот. Мындан тышкары баланын түрдүү оору менен көп оорушу, кош бойлуу эненин туура эмес эс алышы жана тамактануусу түрткү болушу мүмкүн. Бул учурда фосфор жана кальций минерал туздарынын алмашуусу абдан бузулат. Кальцийдин ичегиде сиңбей жана сөөктө чогулушу бузулуп, сөөк тканынын ичкеришине жана жумшарышына, нерв системасынын, ички органдардын ишинин бузулушуна алып келет. Итий менен ооруган балдар коркок болуп, чыргоолонот, начар уктайт, өтө терчил болот (тамактанып жатканда бети, уктаганда башы тердейт), тердеген жери кычышып, башын жаздыкка сүргүлөйт, желкесинин чачы түшүп, такыраят. Курсагы чоңоёт, ичи катат же өтөт. Булчуңдарынын тонусу начарлайт, кеч отуруп, кеч басат. Кийинчерээк сөөк системасында өзгөрүүлөр байкалат. Эмгеги кеч катат; башы чоңоюп, кежигеси жалпаят, төбө жана маңдай сөөктөрү өсүп, чекеси томпоюп калат. Сөөктүн жумшарышы жана булчуң ишинин бузулушунан көкүрөгүнүн формасы өзгөрөт. Тиши кеч жарылып, туура эмес чыгат. Отура баштаганда омуртка тутуму кыйшаят, буттары «X» же «0» формасында ийреет. Итий менен ооруган балдарга түрдүү жугуштуу оорулар тез жугат. Көп учурда Итий оорусуна ата-энелер көп көңүл бурушпайт же дарыгердин көрсөтмөлөрүн так аткарышпайт. Бул омуртка тутумунун жана буттун кыйшайышына, тамандын жалпайышына, жамбаш сөөгүнүн бузулушуна алып келерин эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан оору белгиси билинери менен врачка кайрылуу зарыл.

Итийди алдын алууну бала курсакта кезде эле баштаган оң. Болочок эне таза абада көп болуп, туура эс алышы жана тамактануусу зарыл (кара Кош бойлуулук). Жаңы төрөлгөн балдарды Итийден алдын алууда эмчек эмизип, күн сайын денесин чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасап, күнөстүү таза абада көп болушу талапка ылайык (кара Эмчектеги бала). Врачка баланы өз учурунда (ай сайын) көрсөтүп туруу керек. Врач жазында жана кышында кварц лампасы менен кактоону, балык майын берүүнү сунуш кылат. Керек болсо Д витаминин врачтын сунушу боюнча берип, дозасын эч качан көбөйтпөш керек. Себеби организмге Д витамини көп түшсө канда кальций туздары чогулат жана заара менен көп чыгарылат. Бул учурда жалпы организм ууланып, кан тамыр системасы, боор, бөйрөк жана ичеги-карын жолу жабыркайт (кара Гипервитаминоз). Дарылоодо Д витаминин башка дарылар менен кошо берүү, туура тамактандыруу чоң мааниге ээ. Керек учурда врач айыктыруучу гимнастика, массаж сунуш кылат.


Колдонулган адабият[оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8