Ишемия

Википедия дан

Ишемия — орган же тканды кан менен камсыз кылуучу артериянын ичкериши же бүтөлүп калышынан ошол жерге кандын жетишсиздиги.

Ишемия киши коркуп кетип артерия рефлекстик спазм болгондо, суук, оору, химиялык заттар (адреналин, эрготин жана башка), биологиялык дүүлүктүргүчтөр (бактериялар, токсиндер) таасир эткенде, артерия тромб же эмбол менен бүтөлүп калганда (к. Тромбоз, Эмболия), артерияны сезгенүү процесси же шишик басып калганда болот. Ал жерде кычкылтек жетишсиздиги (гипоксия) болуп, функциясы бузулат, ооруйт. Артериянын спазмында некроз болушу мүмкүн. Нерв системасы жана жүрөк булчуңу Ишемияны өтө сезгич келет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8