Ишенбай Абдуразаков

Википедия дан

Ишенбай Абдуразаков - кыргыздын профессионал дипломаты, элчиси, коомдук жана мамлекеттик ишмери, публицисти.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишенбай Абдуразаков 1937-жылдын 12-августунда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында туулган.

1959-жылы Москва мамлекеттик экономикалык институтун бүтүргөн.

1959-1962-жж. Кыргыз ССР Мамлекеттк План (Госплан) мекемесинде ага инженер,
1962-1965 жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын системасында,
1965-ж. - Кыргызстандын Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин илим жана окуу жайлар боюнча бөлүмүндө инструктор болуп эмгектенген.

1970 ж. - СССР Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык жогорку мектепти (азыркы Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академия) бүтүргөн.

1970 ж. - СССР Тышкы иштер министерствосунун борбордук аппаратында дипломатиялык жумушта, Япониядагы элчилигинде, Саппоро шаарындагы СССРдин Генералдык консульствосунда, үчүнчү катчыдан Генералдык консулга чейин кызматтарда иштеген.
1986-1990 жж. - СССР Тышкы иштер министерствосунда Япония секторунун башчысы, кеңешчиси.
1990 ж. - Саппородогу СССРдин Генералдык консулу, 1992-1994 жж. Россия Федерациясынын Генералдык консулу булуп даындалган.
1994 ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүндө эксперт-даанышман, КР Президентинин кеңешчиси.

1996-1999 жж. - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы.

Азыркы учурда Бишкек гуманитардык университетинде профессор жана эл аралык байланыштар кафедрасын жетектейт.

Жубайы Майрамкан Ажыбековна Юсупова (1939-жылы туулган) Көркөм өнөр музейинин директору болуп иштеди.

Уулдары - Авазбек (1960), Мурат (1967), кыздары - Айнура жана Жыпар.


Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коомдук иштерди да алып барууда, "Кыргызстан-Япония" коомунун Президенти, Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин камкорчулар кеңешинин мүчөсү, Адилет жана прогресс партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.

Көптөгөн совет-жапон сүйлөшүүлөрүнүн, пост-советтик эл аралык конференция, симпозиум жана башка жыйын, жолугушуулардын катышуучусу.

Мурда СССРдин Тышкы иштер министрлигинин парткомунун мүчөсү болуп шайланган.


Чыгармачылыгы. Публицистика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

3 китептин, ошондой эле Орусиянын, Жапониянын жана Кыргызстандын журнал менен гезиттеринде жарыяланган 100дөн ашык макалалардын автору.

Досу ыраматылык Салижан Жигитов тууралуу бир катар публицистикалык макалалар жазып, маектер курган.

Маектеринин биринде мындай деп айтканы бар: "Салижан экөөбүздүн жеке мамилебиз Фрунзе шаарындагы өз учурунда даңазалуу "номур беш" мектебинен башталды. А кезде щерттешип достошуу мода болуп кеткен. Биз ансыз деле бири- бирибизге тартылып, көңүлдөш болуп кеттик. Мектептен эле анын шыгы ачылып, жазган ырлары гезиттерге басыла баштаган. Жолу да ошол тарапка кетээри анык болуп калган. А мен болсо арабөк-ар бир мугалим өз кесибине үгүттөй берчү-акыры экономиканы тандаганымды айтсам, "сени философияга кетсе деп жүрдүм эле, эми мунуң да туурадыр. Маркс бекеринен экономикага өтүп кетпесе керек" деп койду. Ошол замандан Сакемдин көзү жумулганга чейин мамилебиз үзүлбөй , бир туугандай эле болуп калдык. Көлдөгү үйгө өзүм барып калсам, атам да, энем да "Ой, Саке кайда?"деп жоктоп калаар эле".

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССРдин Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси деген дипломатиялык рангдарын ээ.
РСФСРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамотасы, Пушкин атындагы россиялык медалы, А.Горчаков атындагы биринчи даражадагы коомдук ордени менен сыйланган.
Анын ишмердүүлүгү Кыргызстанда "Данакер" ордени, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, "Түгөлбай Ата" эл аралык коомунун алтын медалы менен белгиленген.

Айрым чыгармалары (тизме)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишенбай Абдуразаков. Размышления. Ой-толгоолор. Бишкек, 2007. 7-8 бб.

Ал тууралуу эмгектер, макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: Улуттук энциклопедия. 1-том. А – Базаркоргон / Башкы редактору академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 688 бет, илл. – (Мында: 29-бетте). - ISBN 9967-14-046-1.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]