Ишмердүүлүк

Википедия дан
Ишмердүүлүк


Ишмердүүлүк (Философия)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишмердүүлүк – адам коомунун жашоо формасы; курчап турган дүйнөнү өзгөртүү жана өзүн өзү өзгөртүп түзүү максатын көздөгөн субъекттин активдүүлүгүнүн көрүнүшү. Ишмердүүлүк аң-сезимдүү мүнөзгө ээ; ал коюлган максаттан, пайдаланылган каражаттардан, алынган натыйжадан жана процесстин өзүнөн турат. Философияда Ишмердүүлүк принциби антикалык ойчулдар тарабынан эле иштелип чыккан. Албетте, ал өз дооруна жана аны иштеп чыккан философтордун көз караштарынын өзгөчөлүктөрүнө ылайык өзгөчөлүү мүнөзгө ээ болгон. Мис., адамдагы Ишмердүүлүктүн башаты катары Платон материалдуу жана идеалистүү уюткулардан реалдуу дүйнөнү жараткан Демиург (кара: Демиург) түшүндүрүлгөн. Кайра жаралуу доорунун философтору Ишмердүүлүк жана анын натыйжалары деп адамдын маңыздуу күчү менен жөндөмдүүлүктөрүн аташкан. И. принциби классикалык немец философиясында кеңири өнүктүрүлгөн. Марксисттик философия коом менен таанымдын жашоосунун жана өнүгүүсүнүн негизи катары практика түшүнүгүн атоо менен Ишмердүүлүккө карата жаңыча көз карашты сунуш кылган. Ишмердүүлүктүн түрү көп. Анын негиздүүлөрү болуп төмөнкүлөр эсептелишет: 1) материалдуу практикалык Ишмердүүлүк (жаратылыш менен коомду өзгөртүп түзүү), 2) идеалистүү рухий Ишмердүүлүк(таанымды, анын ичинде илимди, көркөм чыгармачылыкты, адеп-ахлак эрежелерин өнүктүрүү). Ишмердүүлүк субъектилери боюнча социалдык (топтук) жана индивидуалдуу (жекече) түрдө болушу мүмкүн. Өзгөртүп түзүүнүн мүнөзү боюнча Ишмердүүлүк түн репродуктивдүү (кайрадан түзүү) жана продуктивдүү (жаңыны жаратуу) деп аталган эки тибин айырмалоого болот. Ишмердүүлүк өзү үчүн зор мааниге ээ белгилүү бир табигый же социалдык системалардын шарттарында жүрөт. И. принциби илимий таанып билүүдө (психологияда, педагогикада, лингвистикада ж. б.) кеңири пайдаланылган Ишмердүүлүк жобосунун (ишмердүк басым) негизинде жатат.

Ишмердик (Педагогика)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишмердик - адамга гана таандык болгон касиет; анын негизинде активдүүлүгү, б. а. адамдын өзүнүн турмуштук талаптарын канааттандырууга багытталган максаттуу активдүү аракети. Адамдын жашоосун жана инсан катары калыптанышын шарттаган Ишмердүүлүккө баарлашуу, оюн, эмгек жана окуп-үйрөнүү (учение – билим алуу) ж. б. кирет. Булар психология, курактык психология илиминде изилденген. Пед. психологиянын маалыматтары б-ча баланын ар бир жаш курагында Ишмердиктүүлүктүн белгилүү бир түрү басымдуулук кылат. Мектепке чейинки куракта оюн ишмердүүлүгү, кенже окуучуларда окуп-үйрөнүү ишмердүүлүгү жетектөөчү болуп эсептелинет.

Ишмердикти ни окуп-үйрөнүү мында билим алууга үйрөнүү (учение учиться) деген мааниде каралып, балада башталгыч класстарда калыптанышы керек, окуучу конкреттүү билимге эле эмес, аны өз алдынча өздөштүрүү ыгына ээ болуусу тийиш. Окуп-үйрөнүү Ишмердик 3 негизги компонент белгиленет:

  1. ыкластуулук менен багыт алуу (мотивационно-ориентировочный);
  2. иш-аракеттерди түздө н-түз аткаруу (действия), (операционный);
  3. өзүн-өзү текшерүү (самоконтроль) жана баалоо (контрольно-оценочный).

1-компонент И-тин башталышы – окуучу тапшырманын максатын түшүнүп, аны ишке ашыруунун шартын аныктап, план түзөт. 2-компонентинде предметтин мазмуну чагылдырылып, ар кандай иш-аракеттер жүргүзүлөт. Иш-аракеттер 2 топко бөлүнөт: буюмдар менен болгон иш-аракеттер (мис., сүрөттөр, схемалар же реалдуу буюмдар жана алардын моделдери менен иштөө) жана ой жүгүртүү иш-аракеттери. Ой жүгүртүү иш-аракеттери катары логикалык операцияларды (анализдөө, синтездөө, салыштыруу, аналогия түзүү, жалпылоо) жана татаал интеллектуалдык билгичтиктерди (байкоо жүргүзүү, образ түзүү, моделдештирүү, өзгөртүп түзүү ж. б.) алса болот. Окуп-үйрөнүү Ишмердикти адамдын турмуштук иш-аракетинин негизи, ал тургай аспабы катары каралат. Андыктан, кенже окуучулардын окуп-үйрөнүү Ишмердиктинн калыптандыруу алардын өз алдынча таанып-билүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн негизги шарты болот. Ишмердикти таанып-билүү – ишмердиктин бул түрү окуп-үйрөнүү Ишмердиги менен тыгыз байланышта болуп, андан өнүгүп чыгат: окуп-үйрөнүү И-ги билим алуунун аспабы катарында максатты түшүнүүгө, пландаштырууга, түрдүү иш-аракеттерди жүр-гүзүүгө, жыйынтыктоого багытталып, конкреттүү предметтин материалында жүргүзүлүп, таанып-билүү Ишмердигине айланып, (трансформацияланып) окуучуда билим, билгичтик, көндүм-дөрдүн калыптануусун камсыз кылат, б. а. окуп-үйрөнүү Ишмердиги - аспап, таанып-билүү И-ги анын жыйынтыгы болуп, бири-бирине сиңип, бир бүтүн процессти түзөт. Ишмердикти окууга дилгирлик Окурмандык көркөм табит, окурмандын жекече пикири – окурмандык ишмердиктин натыйжасы, анын көрсөткүчү үч баскычтан турат.

I. Мында ишке ашырылууга тийиш болгон идея, аны ишке ашыра турган каражат да белгилүү, б.а. мурдагы көрсөтмөлөрдүн негизинде иш алынып барылат. Бул ишмердиктин репродуктивдүү деңгээли менен дал келет. Буга текстти жөнөкөй түрдө кайра айтып берүүдөн баштап, көндүмгө айланган текстти бөлүктөргө бөлүп, аларга ат коюу; план түзүү, каармандардын ортосундагы окшоштуктарды, айырмачылыкты аныктоо, жаратылыш көрүнүштөрүн сүрөттөгөн, каармандарга тиешелүү сапаттарды ачып көрсөткөн көркөм сөз каражаттарын таап, аларга талдоо жүргүзүү ж. б. кирет, б. а. көрсөтмөлөрдүн негизинде аткарылган, көндүмгө айланган иш-аракеттердин бардыгы биринчи баскычты түзөт, ал эми алгачкы учурда, бул иш-аракеттер жаңыдан аткарылып жаткан мезгилде алар окурмандык ишмердиктин экинчи баскычы болуп саналат.

II. Мында ишке ашырыла турган идея белгилүү болсо да, аны ишке ашыра турган каражат көрсөтүлбөйт, же болбосо белгилүү каражаттарды пайдалануу менен бир идея жаралат. Демек, мында экөөнүн бирөө белгилүү да, бирөө белгисиз. Экинчи баскычка көндүмгө айланганга чейинки жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге кошумча текстти өзгөртүп түзүү, тексттеги жыйынтыкка башкача жол менен келүү, текстти улантуу, макал-лакаптарды пайдаланып текст түзүү сыяктуу иш-аракеттерди кошууга болот.

III. Үчүнчү баскычта идея да, аны ишке ашыра турган каражат да белгисиз. Буга тексттеги автордун чеберчиликтерин көрө билүү, андан өзү үчүн жаңылыктарды ачуу, мурда аткарылбаган жаңы деңгээлдеги өз алдынча текст жаратуу кирет. Текстти кабылдоо менен текст жаратуу бекем ширелишип, ушул үч баскычты басып өтүп окурмандык ишмердикти түзөт. Окурмандык ишмердиктин негизги көрсөткүчү болуп эмоциялуу баалуулук мамилелеринин тажрыйбасы аркылуу жаралган окурмандык көркөм табит, окурмандын жекече пикири эсептелет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]