Йедлик, Аньош Иштван
Аньош Иштван Йедлик (мажарча - Jedlik Ányos István, ал эми латынча - Stephanus Anianus Jedlik, 1800-1895) – венгр физик жана электр-техник окумуштуусу, ойлоп табуучу, бенедикт чиркөөсүнүн диниятчысы.
Мазмуну |
[оңдоо] Кыскача өмүр таржымакалы
Аньош Иштван Йедлик 1800-жылы 11-январда Австро-Венгрия падышалыгында Симөө (Szímő) шаарчасында, азыркы тапта Словакиянын Земне (Zemné) жергесинде) туулган.
Анын энеси – мажарлардын тектүү бүлөсүнөн чыккан. Атасы болсо тегатына (фамилиясына) караганда словак тегинен болгон деп жоромолдонот. Анын ата-теги 1720-жылы Липтов (ал кезде - Liptó) аймагынан Симөө (Szímő) шаарчасына көчүп келген.
Аньош оболу Надьсомбат (Nagyszombat) шаарында (азыркы словакиялык Трнава) жана андан соң Пожонь (Pozsony) шаарында (азыркы тапта – Словакиянын борбору Братислава - Bratislava) башталгыч жана орто мектепти аяктаган.
1817-жылы ал бенедикт чиркөөсүнө кирет. Бул христиандык ордендин мектептеринде таалим алат. Ошондуктан анын латынча ысымы да маалым (Stephanus Anianus).
1839-жылга чейин ар кыл бенедикт мектептеринде сабак берет.
1839-жылдан тартып кырк жыл бою Будапешт университетинде физика-механика кафедрасында окутуучулук кылат.
1848-жылы ал Көркөм өнөр факультетинин деканы болуп калат.
1848-жылы университеттин ректору да болуп калат.
Ардагердикке чыккан соң Дьйөөр (Győr) шаарына көчүп кетет.
1895-жылы 13-декабрда Мажарстандын Дьйөөр (Győr) шаарында дүйнөдөн кайткан.
[оңдоо] Илимий ишмердиги
1827-28-жылдары дүйнөдө биринчи жолу айланып аракетке келүүчү электр кыймылдаткычтарын долбоорлогон.
1858-жылы ал өзүнөн өзү от алуу принцибин ачкан жана бул принципти униполярдык (жалпы уюлдук) генератордо колдонгон.
Мажарлар (венгрлер) менен словактар аны динамо менен электр кыймылдаткычынын негизги ойлоп табуучусу деп санашат.
[оңдоо] Сыйлыктары. Наамдары
Мажарстан Илимдер академиясынын кабарчы мүчөсү (1858).
Мажарстан Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү (1873).
Вена шаарында өткөн Дүйнөлүк көргөзмө (1873-жылы) анын вольтту көбөйтүү аспабын “Өнүгүү үчүн” сыйлыгы менен сыйлаган.
[оңдоо] Чыгармаларынын чакан тизмеси
- (Латын тилинде) Tentamen publicum e Physica ... ex Institutine primi semestris Aniani Jedlik ("Public examination on Physics ... from the first semester education of Ányos Jedlik"). Pozsony. 1839.
- (Латын тилинде) Tentamen publicum e Physica quod in regia univers. Hung. e praelectionibus ("Public examination on Physics for election to the Royal Hungarian University"). Pest: Trattner-Károlyi. 1845.
- (Латын тилинде) Mathesis adplicata ("Applied Science"). Pest: Kőnyomat.
(Латын тилинде) Compendium Hydrostaticae et Hydrodinamicae usibus Auditorum Suorum adaptatum per Anianum Jedlik ("Compendium of Hydrostatics and Hydrodynamics. Lecture Notes adapted by Ányos Jedlik"). Pest: Kőnyomat. 1847.
Elements of natural science. 16. Pest: Eisinfels. 1850.
- (Мажар тилинде) Viznyugtanhoz tartozó Pótlékok ("Supplements for science of still/calm water"). Pest: Kőnyomat. 1850.
- Goldsmith, Irta (1851). Ányos Jedlik, Lecturer in natural sciences at the University of Pest in 1851. ed (in Hungarian). Fénytan ("Science of Light"). Pest: Kőnyomat.
- Goldsmith, Irta (1990) [1851]. Ányos Jedlik, Lecturer in natural sciences at the University of Pest in 1851. ed (in Hungarian). Hőtan ("Science of Heat"). Budapest: Műszaki Könyvkiadó.
[оңдоо] Ал тууралуу эмгектер, макалалар
- Mayer, Farkas (1995) (in Hungarian). Jedlink Ányos (1800–1895) Családfája ("Family tree"). Magyar Tudománytörténeti Intézet munkatársai (Hungarian Institute of the History of Science, Árpád Király chief ed.). p. 1.
- Singer, Charles Joseph; Williams, Trevor Illtyd (1954). A history of technology. Clarendon Press. p. 187. ISBN 1-56072-432-3.
- Sisa, Stephen (1995). "42. The Hungarian Genius". The Spirit of Hungary: A Panorama of Hungarian History and Culture. Ontario, Canada: Vista Books. p. 308. ISBN 0-9628422-0-6.
- Simon, Andrew L. (1999). "Engineering: The Early Years". Made in Hungary: Hungarian Contributions to Universal Culture. Simon Publications. p. 246. ISBN 0-9665734-2-0.
[оңдоо] Интернеттеги шилтемелер
- http://dic.academic.ru/dic.nsf/enc3p/143014
- Йедликтин өмүр таржымакалы (мажар тилинде)
- Jedlik Йедликтин өмүр таржымакалы
- Йедлик мажарстандык тыйында
- Йедликтин кыймылдаткычы: http://www.youtube.com/watch?v=QFz70sdPf-8
- Йедликтин электр кыймылдаткычы: http://www.youtube.com/watch?v=rZwA0O6AB2w