Каган (хан)

Wikipedia дан

Каган – орто кылымдарда көпчүлүк түрк элдериндеги мамлекет башчысына берилүүчү наам (титул).

Кыскача таржымакалы[оңдоо]

Каган термини биринчи жолу кытайлык жылнаамаларда 312-ж. окуяларга байланыштуу эскерилет. IV к. ортосунанан тартып Түрк кагандыгынын бийлик ээлери да Каган наам алышкан. Кийин аварлар, Енисей кыргыздары, печенегдер, хазарлар, караханийлер ж. б. түркий элдер мамлекет башкаруучуларын Каган деп атаган. VIII к. акыры IХ к. чейин Киевдик княздар да Каган титулун пайдаланышып, саясат жактан өздөрүн азар кагандарына тең экендигин көрсөтүүгө аракеттенишкен. Феодализм доорундагы түрктөр Каган терминин «хакан», «хан» түрүндө да пайдаланышкан.

Монголдордун жапырыгынан кийин Каган термини «Хан» болуп биротоло өзгөртүлгөн.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук / Башкы редактор А.Табалдиев, Б.Ө.Орузбаева. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1976-80. – Т. 1-6. - Т.4. 155-157 бб.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – (ISBN 5-89750-028-2)


  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9