Кадыралиев, Кадырбек

Википедия дан
Кадыралиев Кадырбек

Кадыралиев Кадырбек - обончу, кыл кыякчы, комузчу - Жайыл районунун Орто-Суу айылында 1940-жылы туулган. 1954–1959-жж. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүнүн кыл кыяк классын бүтүргөн.
1961-жылдан комузчулар ансамблине катышып, 1963-жылдан оркестрдин концертмейстери болуп иштеген жана декадаларга, жумалыктарга, фестивалдарга катышып, чет өлкөлөрдө гастролдордо болгон.
«Фрунзенин оттору», «Кечиргин», «Аясаң курбум, аясаң», «Жаштар ыры» аттуу обондуу ырлары бар.
Ал Ж.Шералиевдин «Колхоз аймагы», «Укчу эркем», «Жаш кезге», «Сезимдеги ой», Ш.Дүйшөналиевдин «Көлүм болсоң», А.Керимбаевдин «Сулууга», Т.Казаковдун «Сүйүү баяны», А.Темировдун «Сагынам» ж.б. обондорун оркестр үчүн да иштеп чыккан.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун грамоталары, СССРдин Маданият министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кечиргин» с. Н.Жаркымбаевдики
  • «Фрунзенин оттору» с. Ч.Исабаевдики ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын обончулары. Маалымдама/Кыргызпатент/ Түз.: А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: Кыргызпатент, 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4