Кадыров Сатыбалды

Википедия дан

Кадыров Сатыбалды (1940–1995) - сатирачы, акын.

Сатыбалды Кадыров Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүндөгү Ничке-Сай кыштагында туулган.
1961-жылы Жалал-Абаддагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын аяктаган. Эмгек жолун Аксы районундагы Ленин атындагы орто мектептин башталгыч классында мугалим болуп иштөө менен баштаган.
1967-жылы Өзгөн районундагы «Совет» орто мектебине мугалим болуп которулуп, андан кийин Өзгөн райондук «Октябрь Туусу» гезитинде адабий кызматкер, Ош облустук телерадиокомитетинде редактор, Ош мамлекеттик пединститутунда окутуучу болуп иштеген.

1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүрүп,
1985-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүндө адабий кеңешчи, Ош мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иште-ген. С.Кадыровдун адабий чыгармачылык жолу 1970-жылдардан башталып, анын сатиралары республикалык, облустук гезит, журналдарда жарыяланып турган. «Тикенек» аттуу алгачкы сатиралар жыйнагы 1979-жылы жарык көргөн.

С.Кадыров жаш акындардын республикалык фестивалынын (1977) лауреаты болгон жана 1985-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде
  • Тикенек: Сатиралар. – Б.: 1979. – 32 б.
  • Шляпа: Сатиралар. – Б.: 1982. – 48 б.
  • Сарымсак саптары: Сатиралар. – Б.: 1986. – 92 б.
  • Кайчы: Атка минерлерге азил. – Ош, 1994. – 28 б.