Каз таман
Wikipedia дан
Каз таман — көп жылдык чөп өсүмдүк. Тамыр сабагы жакшы өөрчүгөн. Каз таман ачык нымдуу жерлерде, бадалдардын арасында өсөт. Медицинада тамыр-сабагы жана тамыры колдонулат. Аны күзүндө (август—сентябрь) же жазында (март — май) жыйнап алат. Андан алынган препарат ичегикарындын сезгенүүлөрүн дарылоодо, ангина, оозул болгондо оозду чайкоо жана кан токтотуучу зат катары, ошондой эле түрдүү гинекологиялык ооруларда колдонулат. 20 г кургатылып, майдаланган тамыр-сабагын 0,5 л сууга 10 мин.кайнатып, чыпкалап күнүнө 3 жолу бир кашыктан ичилет.
Колдонулган адабияттар[оңдоо]
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8